Добавить новость
smi24.net
World News
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Трампка кол салууга аракеттенгени үчүн Райан Рут өмүр бою эркинен ажыратылды

0

Кошмо Штаттардагы сот 59 жаштагы Райан Рутту 2024-жылы Флорида штатынын Уэст-Палм-Бич шаарындагы гольф-клубда Дональд Трампка кол салууга аракет кылгандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратууга жана кошумча жети жылга кесүүгө өкүм чыгарды.

Рут беш федералдык кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылды. Алардын ичинде АКШ президентигине талапкерге кол салууга аракет кылуу, федералдык кызматкерге кол салуу, ошондой эле ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоого байланышкан бир нече кылмыштар бар.

Шайлоо өнөктүгү маалында Дональд Трамптын өмүрүнө эки жолу кол салууга аракет жасалган.

13-июлда Пенсильвания штатындагы шайлоо алдындагы митинг учурунда 20 жаштагы Томас Мэттью Крукс Трампты атууга аракет кылган. Ал митингге катышкан бир адамды өлтүрүп, дагы үчөөнү жарадар кылган. Октун бири Трамптын башынан саналуу миллиметр гана аралыкта өтүп, анын кулагын кыйгап өткөн. Крукс окуя болгон жерде жок кылынган.

Андан кийин, 15-сентябрда Флоридадагы гольф талаасында Трамп ойноп жаткан учурда күзөтчүлөр куралчан Райан Рутту байкап калышкан. Алар шектүүгө каршы ок чыгарышкан. Рут качууга аракет кылган, бирок кармалган. Айыптоонун версиясы боюнча, Рут Трампты талапкерди атып өлтүрүүнү пландаган.

Прокурорлордун айтымында, Рут Трампты өлтүрүүнү бир нече жума бою пландап жүргөн. Сотто гольф талаасында Трампты кайтарууга катышкан атайын кызматтын агенти көрсөтмө берип, Рутту Трамп талаага чыккыча эле байкаганын айткан.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *