"Ош базарындагы" сатуучулар менен жолугушуу: Жапаров Туманбаевге катуу эскертүү берди
Мамлекет башчы Садыр Жапаров иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге "Ош базарындагы" сатуучулар менен жолугушкандагы орой мамилеси үчүн катуу эскертүү берди. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 6-февралда Фейсбуктагы баракчасына Туманбаев "эмоцияга алдырганын" жазды.
“Мамлекет башчысы калк менен баарлашууда адептүүлүк, сабырдуулук жана маданият сакталууга тийиш экенин белгилеп, бардык мамлекеттик кызматкерлерге эл менен туура диалог жүргүзүүнү тапшырды”, - деп жазды Алагөзов.
Каныбек Туманбаев 4-февралда Бишкектеги "Ош базарынын" соодагерлери менен жолугушуп, жаңы курулуп жаткан базарга көчүрүү маселесин сүйлөшкөн. Анда анын айрым соодагерлерге орой мамиле жасаган видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууланып, Туманбаевди сынга алгандар көп болгон.
Базардын ордун которуу демилгеси 2024-жылы көтөрүлүп, ал шаардын түндүк-батыш тарабына көчүрүлөрү айтылган. Мэрия ошол жылдын июль айында турак жай кварталын, "Ош базарынын" жаңы комплексин, жаңы Батыш автобекетин жана башка социалдык объектилерди камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталганын билдирген.
Комплекс Фучик көчөсүнүн батыш тарабында, Бишкектен “Манас” эл аралык аэропортун көздөй бараткан жолдун боюнда жайгашары, жалпы аянты 162 гектарды түзөрү маалымдалган.
Былтыр март айында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ош базары көчүрүлө турган жаңы базар үч айдын аралыгында курулуп бүтөрүн жана азыркы ордунда соода кылууга толук тыюу салынарын билдирген. Базарды көчүрүүгө айрым соодагерлер каршы чыккан.
