Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетине Кыргызстанга чара көрүү сунушун дагы киргизди. Расмий документтин долбооруна караганда, Кыргызстанга компьютерлердин санарип башкаруу (CNC) станокторун жана радиоэлектрондук жабдууларды сатууга тыюу салынышы ыктымал.