Президент транспорт министри Абсаттар Сыргабаевди кызматтан алды
Президент Садыр Жапаров транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевди кызматтан алды. Бул тууралуу 16-февралда “Ынтымак ордонун” басма сөз кызматы билдирди.
49 жаштагы Абсаттар Сыргабаев буга чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. 2020-жылы октябрда Жалал-Абад облусунун жетекчиси кызматын аркалаган.
Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо ошол кезде Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев башында турган “Мекенчил” партиясынан талапкер болгон. Ошондой эле партиянын тизмесинде бешинчи катарда турган. 2024-жылдын июль айынан бери транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеп келаткан.
Абсаттар Сыргабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы катары да белгилүү.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.
Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келген.
Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда “Камчыбек Ташиевге байланышы бар делген адамдарды кызматтан кет дей электигин, өз арызы менен кетем дегендерди кармабай турганын” айтты. (BTo)
