Израил Тегерандагы жашыруун өзөктүк борборго сокку урганын билдирди
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Тегерандан алыс эмес жайгашкан "Минзадехей" жашыруун өзөктүк комплексине сокку урганын маалымдады. ЦАХАЛдын басма сөз кызматы кабарлашынча, жер алдындагы борбордо ирандык окумуштуулар өзөктүк куралдын негизги бөлүктөрүн түзүүнүн үстүндө иштеп жатышкан.
Иран, АКШ жана БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) бул маалыматка комментарий бере элек.
ЦАХАЛ ошондой эле израил авиациясы Ирандын дрон учуруучу 300дөй түзүлүшүн иштен чыгарганын билдирди. Бул Иран тараптан Израилди аткылоо жайлап калганын түшүндүрөт.
28-февралдан бери АКШ менен Израил Ирандын аскер жана өзөктүк инфратүзүмүнө, ошондой эле өкмөттүк имараттарына сокку уруп келе жатат. АКШ президенти Дональд Трамп операциянын максаты Ирандын өзөктүк курал жасашына жол бербөө экенин билдирген. Иран жооп кылып Израилди жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскер базалары жайгашкан өлкөлөрдү аткылап жатат.
3-марттын кечинде АКШнын Дубайдагы консулдугу Ирандын дрон чабуулуна кабылганы кабарланды. Чакан өрт өчүрүлгөнүн, жабыркагандар жоктугун эмирликтин бийлиги билдирди.
Bloomberg жазгандай, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио дрон консулдуктун унаа токтотмо жайына түшкөнүн, эч ким жабыркабаганын билдирди.
