Добавить новость
smi24.net
World News
Март
2026
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Reuters Иранда мектептеги чабуул үчүн АКШ жооптуу болушу мүмкүн экенин жазды

0

Американын аскердик тергөөчүлөрү Ирандагы кыздар мектебине жасалган соккуга АКШ жооптуу болушу мүмкүн деп эсептешерин 6-мартта бир катар маалымат каражаттары жазды.

Reuters агенттиги аты аталбаган америкалык расмий адамдарга таянып билдиргендей, тергөөчүлөр мындай тыянакка ыктаганы менен иликтөө али толук аяктай элек жана акыркы чечим кабыл алына элек.

Ошол эле учурда агенттиктин булактары жаңы далилдер пайда болуп, АКШнын жоопкерчилигин жокко чыгарышы да ыктымал экенин айтышкан.

Ирандын түштүгүндөгү Минаб шаарындагы кыздар мектеби 28-февралда аба чабуулуна кабылган. Ошол күнү АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен аскердик операциясы башталган.

Иран бийлиги бул чабуулдан 150гө чейинки сандагы окуучу каза болгонун билдирген. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет да америкалык аскерлер бул окуяны иликтеп жатканын ырастаган.

The New York Times басылмасы социалдык тармактардагы материалдарга жана спутниктен алынган сүрөттөргө таянып, мектеп так багытталган соккудан катуу жабыркаганын жазган.

Маалыматка караганда, чабуул Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (IRGC) окуу жайга жакын жайгашкан базасына урулган сокку менен дээрлик бир убакта жасалган.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *