Добавить новость
smi24.net
World News
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Президент Жапаров Кыргызстанда митинг-пикеттерге тыюу жок экенин айтты

0

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева президент Садыр Жапаровго 8-март күнү Аялдардын эл аралык күнүнө карата тынч акция өткөрүүгө уруксат бергени үчүн ыраазычылык билдирди. Депутат ошондой эле мындай тынч акцияларды өткөрүүгө бут тосуу болуп келгенин, айрым учурларда атайын уюштурулган чагым менен үзгүлтүккө учуратылганын белгилеп, быйылкы акция тынч өткөнүн айтты.

Депутатка жооп кылган мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда тынч митинг-пикеттерди өткөрүүгө эч кандай тыюу салынбаганын айтты. Президент сот, прокуратура жана башка жерлердин алдында өткөрүүгө гана тыюу салынганын, Горький бакчасында кенен өткөрө берүүгө болорун белгиледи. Садыр Жапаров ошол эле учурда марш, жүрүштөрдө кыргыз элинин табиятына, каада-салтына каршы келген чакырык, плакаттар менен чыкпоого чакырды.

"Бүтүндөй жети жарым миллион элге чыгып алып, "бизди колдогула", "бизге өткүлө" деп лозунгдарды жазып алып чыкканы туура эмес. Жети жарым миллион элдин кыжыры кайнап атпайбы. Кудай анын бетин ары кылсын, элибиздин көпчүлүк бөлүгү ошондой болсо, анда унчукпайт элек. Биз, тескерисинче, аны тыйышыбыз керек, биздин элибиздин каада-салтына туура келбейт да", - деди президент.
Мамлекет башчы өлкөдөгү аял укугунун абалы тууралуу комментарий берген жок.
8-март күнү Бишкек шаарындагы Горький атындагы эс алуу багында Аялдардын эл аралык күнүнө карата кыз-келиндердин укуктарын коргоону талап кылган акция өткөн. Анын катышуучулары “Ак үйдө кыздар көбөйсүн!”, “Аял укугу – адам укугу”, “Күнөө сенде эмес”, “Кыйын кыздын кызымын”, “Кызга кырк үйдөн колдоо”, “Аялзатым, жаша!”, “Аял – жашоо, эркиндик”, “Кыздын үнү – анын укугу” жана башка чакырык-ураандар жазылган плакаттарды кармап чыгышкан.
Бирок социалдык түйүндөрдө бул иш-чарадагы кескин мүнөздөгү жазуулар деген сүрөттөр жарыяланып, кызуу талкуу жаратканда ал сүрөттөрдү кимдир бирөөлөр жасалма интеллект менен атайылап козутуу үчүн жасап, жарыялаганын, иш жүзүндө андай болбогонун активисттер айтып чыккан.
Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган чектөөнүн мөөнөтү кайрадан узартылып, шаардын негизги аянттарында акция өткөрүүгө тыюу салынганына төрт жыл болду. Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, 2025-жылдын 31-декабрында ушул эле райондун администрациясынын 2026-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүү өтүнүчүн сот канааттандырган.
Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун глобалдык индекси (WPS) боюнча Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Бул рейтингде 2023-жылы Кыргызстан 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Ал эми 2021-жылы талдоого алынган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга түшкөн.
2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) Кыргызстанда ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.(ZKo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *