"Шаарды 2,3 млрд сом карыз менен калтыргам". Оштун бересеси канча?
Мурдагы мэр Жеңиш Токторбаев "Азаттыкка" маек курду. Ал коомчулукта айтылып келаткан "Ошту 12 млрд сом карызы менен калтырды" деген кептерге жооп берди.

Мурдагы мэр Жеңиш Токторбаев "Азаттыкка" маек курду. Ал коомчулукта айтылып келаткан "Ошту 12 млрд сом карызы менен калтырды" деген кептерге жооп берди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Австралия Ирандын футбол боюнча аялдар командасына үйүнө кайтууга жол берип, “чоң гуманитардык ката кетиргенин” билдирди. Ал Австралиянын өкмөт башчысын спортчуларга башпаанек берүүгө чакырды. Азиянын чемпионаты АКШ менен Израил Ислам жумуриятына биринчи сокку урган күнү башталган. Ирандыктардын командасы алгачкы матчта улуттук гимнди аткарбай, унчукпай турганда аларды “чыккынчылар” деп аташкан. Бирок кийинкилеринде гимнди ырдап, патриоттук ишараттарды жасаганы өздөрү... Читать дальше...
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 9-мартта белгилүү болду. 40 жаштагы Иманов буга чейин президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп иштеп келген. Ал соңку жылдары санариптик өнүктүрүү министри, Инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчиси болгон. “Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген. Анын Кыргызстандын энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун журналисттер иликтеп чыгышкан.... Читать дальше...
АКШ менен Израилдин соккуларынан каза тапкан аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи Иранда жаңы жогорку лидери болуп шайланды. Жогорку сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" редакцияларын экстремисттик деп тапкан буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев "Азаттыкка" маек куруп, мэриянын карызы тууралуу кептерге жооп берди.
Жогорку сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" редакцияларын экстремисттик деп тапкан буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
Ирандын Эксперттер ассамблеясы Можтаба Хаменеини жаңы Жогорку руханий лидер кылып шайлады. Ал АКШ менен Израилдин чабуулунда каза болгон аятолла Али Хаменеинин алты уулунун экинчиси. Биринчи жолу Ислам республикасынын тарыхында Жогорку лидердин орду атадан балага өттү.
Мурдагы мэр Жеңиш Токторбаев “Азаттыкка” курган маегинде "Ошту 12 млрд сом карызы менен калтырды" деген кептерге байланыштуу жооп берди. Ал шаардагы ишкерлерге мэрия 2 млрд 300 млн сомго жакын карызы экенин тактады. Буга чейин айтылып келген “Токторбаевдин мейманканасы текшерилип жатат” деген билдирүүлөргө да жооп берди. Шаардагы инвестиция азайбаганын айтып, учурда айрым курулуштардын токтоп калган себебин түшүндүрдү.
Түркия 9-мартта билдиргендей, НАТОнун абадан коргонуу системасы Ирандан учурулуп, Түркиянын аба мейкиндигине кирген экинчи баллистикалык ракетаны атып түшүрдү. Анкара өлкө аймагына коркунуч жаралса, бардык зарыл чаралар көрүлөрүн эскертти. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Бул акыркы бир жуманын ичинде Түркиянын түштүк аймагын көздөй учурулган экинчи ирандык баллистикалык ракета болуп калды. Түркия НАТОго мүчө мамлекет жана Ирандын коңшусу. Анкара 7-мартта Тегеранды мындай чабуулдарды токтотууга чакырган... Читать дальше...
Жогорку сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" редакцияларын экстремисттик деп тапкан буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Адвокаттын "медианын кайсы материалы коомго терс таасирин тийгизет деген суроо ачык калды" деген жүйөсүнө сотто көңүл бурулган жок.
Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев “ал иштеп турганда мэриянын карызы 12 млрд сомго жеткени” тууралуу маалыматтарды четке кагууда. Ал 9-мартта “Азаттыкка” берген маегинде Ошко бөлүнгөн каражат тууралуу да маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, ал Ошко мэр болуп дайындалганга чейин Мамыров, Амир-Тимур, Көкүм бий көчөлөрүн оӊдоого 586 млн сом бөлүнгөн. Ал кызматка киришкенден кийин 2 млрд 200 млн сом бөлүнгөнүн, ага бир катар көчөлөр оӊдолуп, Ошто баш-аягы 100 чакырымга жакын жолго асфальт төшөлгөнүн айтты. Читать дальше...
Бахрейндеги Ситра аралынын айланасына 9-марттын таңында Иранга таандык дрон менен урулган соккудан 32 киши жараат алды. Бул тууралуу мамлекеттик BNA агенттиги Саламаттык сактоо министрлигине таянып билдирди. Маалыматка караганда жараат алгандардын арасында төрт бала, анын ичинде эки айлык ымыркай да бар. Ситрада мамлекеттик Bapco Energies мунай газ компаниясына караштуу мунай иштетүүчү завод бар. Жергиликтүү медиа каражаттары дрон соккудан кийин ишкананын аймагында өрт тутанганын жазышты. Bapco Energies... Читать дальше...
Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын - бодо мал, кой-эчкини өлкө аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгону 9-мартта кабарланды. Чечимдин негизги максаты өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына базар бааларын турукташтыруу экени айтылды. Токтомду ишке ашыруу бир катар мамлекеттик органдарга жүктөлдү. Евразия экономикалык комиссиясынын иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанда эттин баасы былтыр ноябрга караганда 14% кымбаттады. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан борборунун мурдагы жетекчиси коррупциялык схема уюшурууга шектелип кармалганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү кан борборун 2012-жылдан 2025-жылдын августуна чейин жетектеп турган. Маалыматка ылайык, 2020-жылы ал жеке менчик компаниялардын биринин жетекчиси менен келишим түзүп, кан борборуна кымбат баалуу медициналык жабдууларды - Cobas S201 маркасындагы пцр-лабораториясын... Читать дальше...
ОшТВ телеканалынын мурдагы башкы директору Маратбек Акимбеков өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Маалыматты Акимбеков “Азаттыкка” өзү тастыктады. Аймактагы кабарчыбыз Наргиза Анарбай кызынын маалыматына караганда, телеканалга Акылбек Орозматов башкы директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Жанарбек Акаев кол койгон. Акылбек Орозматов 2019-жылдары Билим берүү жана илим министрлигинде маалымат катчы болуп эмгектенген. Ага чейин “Башат”, “Ынтымак” телеканалдарында, “Жебе Медиа” басылмасында иштеген. Читать дальше...
Кыргызстанда порнографиялык сайттарга жана алардын баракчаларына бөгөт коюунун тартиби бекитилди. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти жайылтуу фактысы аныкталган учурда үч жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө сайттын же анын соцтармактагы баракчасын эки айга чейин жабуу чечимин кабыл алат. Аны тиешелүү мекемеге жиберет жана алар бир жумуш күндүн ичинде чечимди интернет-провайдерге же хостингпровайдерге... Читать дальше...
9-мартта Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы баррелине дээрлик 120 долларга чейин жетип, кийин кайра төмөндөдү. Ал эми West Texas Intermediate (WTI) үлгүсүндөгү мунайдын баасы баррелине 119 долларга жетти. Бирок соода учурунда ал да бир аз артка чегинди. Ошого карабастан дүйнөлүк рынокто кара майдын баасы 100 доллардан төмөн түшкөн жок. Мунай баасынын кескин өсүшүнө Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын күчөшү себеп болду. 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы операция баштаган. Ага жооп катары Иран айланасындагы... Читать дальше...
Кытай АКШ менен Израилдин Иранда жаңы жогорку лидер болуп дайындалган Можтаба Хаменеини бутага алышына каршы экенин билдирди. «Бээжин кандай гана шылтоо болбосун башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө каршы. Ирандын эгемендиги, коопсуздугу жана аймактык бүтүндүгү урматталышы керек», - деди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гао Цзяцюнь 9-мартта. Израил армиясы 28-февралда АКШ менен Израилдин чабуулунда каза болгон Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин ордуна ким келбесин куугунтуктоону улантарын билдирген. Читать дальше...
10-11-март күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 11-мартта аба ырайы төмөндөп, жаан карга айланат. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет. Жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. 11-12-мартта түнкүсүн абанын температурасы өрөөндөрдө -13 градуска чейин, тоолуу аймактарда -22 градуска чейин төмөндөйт. Читать дальше...
Тегерандын айрым райондорунда Иран режиминин тарапкерлери Можтаба Хаменеи жогорку лидер болуп дайындалганы белгилүү болгондон кийин аны кубаттап жатышты. «Аллаху Акбар» деген кыйкырыктар үн күчөткүчтөр аркылуу жаңырып турганын журналисттер жазып чыгышты. Ошол эле учурда Тегерандын Экбатан сыяктуу айрым райондорунда бул чечимге каршылар чыгып, алар «Можтабага өлүм!» деген сыяктуу ураандарды айтышты. 9-мартка караган түнү Иран бийлиги катаал позициясы менен белгилүү Можтаба Хаменеини атасы, маркум... Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жогорку лидери болуп тандалган Можтаба Хаменеиге байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты. Ал Times of Israel басылмасына берген маегинде Трамптан бул тууралуу сурашканда, ал кыскача гана «эмне болорун көрөбүз» деп жооп берди. Буга чейин ал 56 жаштагы Хаменеини «алсыз саясатчы» жана «кабыл алынгыс тандоо» деп атаган. Можтаба Хаменеи атасы Али Хаменеинин ордун басты. Али Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен аба соккуларынан каза болгон. Читать дальше...
Бүгүн, 9-март күнү Жогорку сот Kloop media басылмасынын Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу тууралуу апелляциялык арызын карап, канааттандырган жок. Басылманын адвокаты Нурбек Токтакуновдун маалыматына караганда, Жогорку соттун коллегиясы ишти өтө тездик менен карап, аталган басылманын материалдарын экстремисттик деп таануу тууралуу Октябрь райондук жана Бишкек шаар сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 27-октябрда Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт... Читать дальше...
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин эки орун басары - Жаныбек Керималиев менен Бектен Бекболотов кызматтан бошотулду. Министрликтин басма сөз кызматы тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун кабарлады. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун сунушу менен өкмөт башчы Айбек Шаменовду министрдин орун басары кылып дайындады. Айбек Шаменов 2024-жылдын декабрь айында президенттин Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалып... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова Кыргыз улуттук китеп палатасына шилтеме берип, Кыргызстанда басып чыгарылган китептердин дээрлик 60-70% диний багыттагы китептер экенин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин 9-марттагы жыйынында айтты. “Анда салттуу ислам дини боюнча маалыматтар чыгып атабы же ага туура келбеген маалыматтар барбы карап чыгуу зарыл”, - деди ал. Салтанат Аманова өлкөдө улуттук басмакана ишканасын түзүп... Читать дальше...
Президенттин ырайымы менен абактан чыкканынан көп өтпөй, кайрадан маңзат ишине шек саналып кармалган Даниел Ажиев 8-мартта эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Мындай чечимди 7-мартта Токмок шаардык соту чыгарганын Чүй облустук сотунан ырасташты. Даниел Ажиев 6-мартта Токмок шаарынын айланма жолунда кармалган. Ага Чүй облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”) негизинде кылмыш ишин козгогон. Читать дальше...
Кыргызстанда 2021-2025-жыл ичинде 141 тонна алтын өндүрүлдү. Бул жылына орто эсеп менен 26 тоннадан алтын өндүрүлгөнүн көрсөтүп турганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди. Ал Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин 9-марттагы отурумунда берген маалыматында, 2020-жылы Кыргызстанда алтын кени жылына орточо 15 тоннадан казылып келген. Раимкулованын сөзү боюнча... Читать дальше...