Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Салянова менен Фархат Иминовду мандаттан ажыратуу чечимин кабыл алды. БШКнын төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жыйын 3-мартта болду. Тийиштүү токтом мекеменин сайтына жарыяланган соң күчүнө кирет.
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын мандаты соттолгону үчүн, "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Фархат Иминовдуку өз арызынын негизинде алынды.
Салянованын ыйгарым укуктарын токтотууга БШК мүчөлөрү Атыр Абдрахматова менен Гүлнара Журабаева каршы добуш беришти, ал эми калган он мүчө макул болду.
Аида Саляновага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны эл өкүлү үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Салянова муну саясий буйрутма деп эсептейт.
"Ата Мекен" партиясынын юристтери сот чечимине ылайык, Салянова жазаны кызы 14 жашка чыккандан кийин өтөй турганын, мандатын алып салуу туура эмес болорун айтышкан. БШК өкүлү Абдыжапар Бекматов мандатты алууга мыйзамдуу негиздер бар экенин билдирди. (SE)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Вылет 6 утренних рейсов задержали в аэропорту Кемерова
В Кемерове будут судить 34-летнего иностранца, расстрелявшего двух человек в кафе