25-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жана кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Күндүз жаан-чачын айрым жерлерде гана болот, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, түнкүсүн жана эртең менен Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2,
Таласта түнкүсүн -8...-13, күндүз -3...+2,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,
Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -1…+1 градус болот.