Өмүркулов: Атамбаевдин байлыгы текшерилиши керек (видео)
Парламенттеги КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгын текшериш керек деп эсептейт. Ал мындай пикирин “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп бери жатып айтты:
- Ар бир аткаминер мыйзам боюнча декларация тапшырышы керек. Анда алган кирешесин, баарын так жазыш керек. Ал мамлекет тарабынан текшерилиши керек. Эгерде туура эмес маалыматтар жазылган болсо, аны толтурган адам жооп бериши керек болот. Канча көлөмдөгү киреше, эмненин негизинде? Эгерде ишкана болсо, анын отчетун караш керек, канчасы киреше, канчасы чыгым болгонун. Эгерде андайлары жок болуп, "мен баланча жактан алгам" десе - мунун баарын текшериш керек. Сөзсүз түрдө мыйзам алдында ар бир жаран, анын ичинде Атамбаев да жооп бериши керек.
Кийинки убакта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгы боюнча айтылып жаткан кептердин чын-бышыгын аныкташ үчүн “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү иликтөө жүргүзүп жатат. Иликтөө 5-декабрда ЭЛТР каналынан эфирге кетип, “Азаттыктын” сайтында жарыяланат.
Мындан эки жыл мурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Алмазбек Атамбаевди "журт атасы" деп атаган. Ошол кезде "Ата Мекен" фракциясынын төрагасы, азыр камакта жаткан Өмүрбек Текебаев Атамбаев менен анын командасын "бийликти узурпациялап алды" деп айыптап, ага импичмент жарыялоону сунуш кылып жаткан эле.
Былтыр 5-апрелде президенттик сайтка ошол кездеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган. Анда ал башкы прокурорго 2003-жылы январда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге ошол кездеги 45 млрд. түрк лирасына, же ошол кездеги курс менен 35 млн. долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди бергени кабарланган.
Ошондон кийин коомдук ишмер Эдил Байсалов өз иликтөөсүнө таянып, Атамбаевдин үлүшү сатылган 45 млрд. түрк лирасы 2003-жылы 35 млн. доллар эмес, 27 миң доллардай акча болгонун жазып чыккан.
12-апрелде президенттин басма сөз кызматы кайрадан кабар таратып, кыргыз президенти 2003-жылы Түркияда жайгашкан компаниядагы 90% үлүшүн 35 миллионго жакын долларга сатканы ырас экенин кайталап, 5-апрелдеги маалыматта “ишкананын рыноктук наркы жана анын уставдык капиталы боюнча түшүнүктөр чаташып кеткени үчүн” кечирим сураган.
Эдил Байсалов "Алмазбек Атамбаевдин байлыгынын булагын текшерүү зарыл" деп байма-бай билдирип келген.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда "Апрель" телеканалындагы маегинде да өзүнүн байлыгы тууралуу кенен билдирүү жасаган. (EBm/TSh)