Нидерланд Гадоевдин уурдалышы боюнча иликтөө жүргүзөт
Нидерланддын прокуратурасы бозгундагы тажик оппозиционери, "Группа 24" кыймылынын лидери Шарофиддин Гадоевдин уурдалышына жана күч менен Дүйшөмбүгө экстрадициялануусуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу оппозициялык активист «Азаттыктын» тажик кызматына бейшембиде Амстердамдагы басма сөз жыйынында билдирди.
Гадоев Москвада аны уурдоону уюштурганы үчүн орус бийлигин сотко берүүгө камынып жатканын айтты. Учурда Орусияда анын укугун коргоочу адвокаттар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Оппозицонер «Азаттыктын» журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып, мекенине «өз эрким менен кайтып келдим» деген билдирүүнү тажик бийлигинин кысымы алдында айтууга мажбур болгонун белгиледи.
Гадоевдин айтымында, ал Москванын «Домодедово» аэропортунда жана учактын ичинде сабалган. «Мени аэропорттон Тажикстандын Ички иштер министрлигинин Кылмышкерлерди издөө башкармалыгына алып барышканда, ал жерден дагы сабашты» - деди.
6-мартта Гадов Прага шаарында жайгашкан "Ахбор" маалымат агенттиги менен болгон маегинде тажик бийлиги ага үч талап койгонун айтып берген. "Тажик коопсуздук кызматы мага үч шарт койду: алар мени өлтүрүп салышат, же мени 25 жылга абакка кесишет, же мен алар менен кызматташам. Мен өз башымдын амандыгын ойлоп, үчүнчү шартка көндүм" - дейт активист.
15-февралда Европада бозгунда жүргөн Гадоевдин Дүйшөмбүдө күтүүсүз пайда болгону таңдануу жараткан. Тажик бийлиги ал «өз эрки менен кайтып келгенин» билдирген.
Тажик оппозиционери 2-мартта Дүйшөмбүдөн Франкфурт шаарынын аэропортуна учуп келгенин «Фейсбук» аркылуу өзү жарыялады.
Расмий Дүйшөмбү бозгунда жүрүп, кайдан-жайдан пайда болгон оппозиционер кайра мекенинен кантип чыгып кеткени тууралуу эч кандай маалымат бере элек.