Аба ырайы: кар көчкү коркунучу бар
«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош жана Баткен облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Тоолуу жерлерде жолдорго муз тоңот, кар көчкү түшүү коркунучу бар. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +10…+15,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз +10…+15,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +10...+15,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10,
Нарын аймагында түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5 градус болот.
12-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +1…+3, күндүз +13…+15 градус жылыйт. (ErN)