Якутияда мигранттарга ыдык көрсөткөн топ кармалды
Якутск шаарынын полиция башчысы Николай Кульбертинов 19-марттын кечинде атайын видео кайрылуу жасады. Анда мигранттарга карата бейбаштык кылган топтун бири кармалганын билдирди.
Полиция башчысы якуттарды сабырдуулукка чакырды.
- Бүгүн да кандайдыр чагым уланып, кыргыз улутундагылар жашылча-жемиш саткан же башка күркөлөргө жаштар кирип барып, аларга ишин токтотушу керектигин айтышкан. Якутск шаарындагы мындай фактылар катталды, учурда полиция жаштардын бир тобун кармады. Канткен күндө да биз чыдамкай адамдарбыз, элибизде арам ой жок, ак ниет. Ошон үчүн ушундай окуялардын фонунда жек көрүүнү козутпасак. Келгиле, бири бирибизди сактайлы, чыдамкай бололу.
Кульбертинов «зордуктоо» фактысы боюнча окуя дээрлик териштирилип бүткөнүн, мындай иштерди күч органдары гана салкын кандуулук менен иликтеши керектигин кошумчалады.
WhatsApp жана башка мессенджерлер аркылуу жергиликтүүлөрдүн борбор азиялык мигранттарды «дүкөнүңөрдү жапкыла», «кеткиле» деген өңдүү опузалаган, жакалаган, айрым учурда уруп жиберген видеолор тарап жатат. Мындан улам мигранттар сыртка, жумушка чыкпай жатышканын маалымдоодо.
17-мартта кыргызстандык үч жаран жергиликтүү аялды зордуктоого шектелип кармалган. Алардын бири негизги айыпкер саналып жатат. Ушул кабардан соң якутиялыктар бир нече ирет митинг өткөрүп, республикада антимиграциялык маанай курчуган. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстандан атайын делегация барып, сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Расмий маалыматка караганда Якутияда 8 миңден ашык кыргызстандык жашайт. Өлкө бийлиги андан тышкары мыйзамсыз жүргөндөр бар экенин белгилеп, аларды аныктоо боюнча март-апрелде рейддер өтөрүн эскертти. (МТо)