31-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат
«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 31-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16,
Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17 градус болот.