Жолдубаева: КСДПнын жыйынына күч түзүмдөрү тоскоолдук кылууда
КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Жалал-Абад облусунда партиянын конференциясын өткөрүүгө күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тоскоолдук кылып жатканын билдирди.
«Биз отурган жерди УКМКнын, ИИМдин 20 чакты кызматкери айланып-тегеренип жүрүштү. Биздин активисттердин туугандарын да алып келишиптир. Алардын туугандарына «булар 7-апрелде Жалал-Абадда митинг кылганы жатат» деп айтып коюшуптур. Туугандары «силер эмнеге митинг өткөргөнү жатасыңар? Кеткиле, жоголгула!» деп провокация кылышты», - деди Жолдубаева.
Ал эми Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчиси Кылычбек Жолдошев Кундуз Жолдубаеванын айткандарын четке кагып, муну курулай доомат катары баалады.
«Андай факт жок. Эгер ушундай чагымчыл аракеттер болуп атса менин кабинетиме келсин. Арыз жазсын. Жөн эле сөздөрдү айта беришет да. Башка маселе толтура, алардын бизге эмне кереги бар? Чогулушту каякта өткөрөт, эмне кылып өткөрөт мэрияга арыз жазсын».
Кыргызстан социал - демократиялык партиясы (КСДП) бүгүн, 30-мартта Ош жана Баткен облустарында жыйын өткөргөн.
Жолдубаева КСДПнын конференциялары эми Чүй, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында өтүп, 6-апрелде партиянын кезектеги XVIII съезди болорун айтты. (BTo)