Ооганстан: вице-президент Достум кол салуудан аман калды
Ооганстандын вице-президенти, талаштуу колбашчы Абдул Рашид Достум "Талибан" кыймылынын кол салуусунан аман калды. Бирок бул чабуулдан өзбек тектүү мурдагы талаа командиринин жансакчылары каза тапты.
Ооган полициясынын маалыматына ылайык, Достумдун кортежи 30-мартта Балх провинциясындагы Мазари-Шариф шаарынан өлкөнүн түндүгүндөгү Жаузжан аймагына баратканда буктурмага кабылган.
Балх провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Мунир Ахмад Фархад жекшемби күнү билдиргендей, талиб жоочулары Достумдун кортежине жолдун эки жеринде - Чар-Болак жана Фаиз Абад райондорунун тушунда чабуул коюшкан.
Ооган армиясы билдиргендей, бул окуядан төрт талиб согушкери мерт болуп, жети киши жараат алды. "Талибан" кыймылы бул чабуулдан Достумдун жансакчылары каза тапканын билдирди.
Сегиз ай мурда баш калаа Кабулдагы эл аралык аба майданында Абдул Рашид Достумду бутага алган жардыруу болгон. Бирок андан өзбек колбашчысы жабыркаган эмес.
Достумдун 20 миңдей жоокери 1980-жылдары Советтик армияга каршы кармаштарга катышкан жана 1990-жылдардагы жарандык согуш учурунда Ооганстандын түндүгүн көзөмөлдөп турган.
Достумдун күчтөрү "зордуктоого, карактоого жана адамдарды мыкаачылык менен өлтүрүүгө жол берген, керек болсо кылмышкерлерди танк менен тебелеткен" деп күнөөлөнүп келет.
Мындан сырткары укук коргоо уюмдары Достумду жана анын кошуундарын "2001-жылы эки миңдей талиб туткунун атып же тумчуктуруп өлтүргөн" деп айыпташкан. Өзбек колбашчысы бул дооматтарды четке каккан.