Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026

Новости за 29.01.2026

Нипах вирусунан улам Кыргызстан Индиядан мал, эт азыктарын алып кирүүгө чектөө койду

Azattyk.org 

Кыргызстан 28-январдан тартып Нипах вирусуна байланыштуу Индиядан мал-жандыктарды жана эт азыктарын алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди. Мындай чечимди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы кабыл алды. Мекеме бул чараны өлкөнүн ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу максаты менен түшүндүрдү. Индиянын Батыш Бенгалия аймагында адам баласы үчүн өтө кооптуу Нипах вирусу жуккан учурларга... Читать дальше...

ЖАМК Мурсалым Өмүрзаков абакта каза болгону тууралуу маалыматты четке какты

Azattyk.org 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү Мурсалым Өмүрзаков жазасын өтөп жаткан абакта каза болгону тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматты четке какты. Буга чейин интернет булактарында ал түрмөдө киши колдуу болгону жөнүндө кабарлар чыккан. Укук коргоо органдары Мурсалым Өмүрзаковду ар кайсы жылдары ар кандай кылмыш иштерине айыптап кармап, кийин ал эркиндикке чыккан. Акыркы жолу аны 2022-жылы май айында Чүй облустук милициясы кармап... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык автоунаалар берилди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттарына Li Xiang L7 жана Li Xiang L9 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар берилди. Бул маалыматты “Азаттыкка” парламенттеги бир катар депутаттар ырастады. Жогорку Кеңештин аппараты менен басма сөз кызматы канча машине алынганы жана баасы тууралуу маалымат жок экенин, сатып алуу иштери менен президенттин иш башкармалыгы алектенгенин билдирди. Президенттин иш башкармалыгы азырынча комментарий бере элек. Парламенттин 90 депутатына кызматтык автоунаа алуу боюнча маселени эл өкүлдөрү... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *