Милиция нигериялык жарандын өлүмүнө байланыштуу маалымат берди
Ички иштер министрлиги Бишкекте нигериялык жаранды өлүмгө алып келген окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берди.
Кылмышка шектүү киши нигериялык жаран Али Тижжани Абубакар менен кокустан чырдаша кеткенин, экөө мурда тааныш болбогонун айтып, көрсөтмө берген. Чыр “Айчүрөк” соода борборунун кире беришинде чыккан.
Анын көрсөтмөсүнө караганда, “Чынар” соода борборунун алдында социалдык тармак аркылуу достору менен түз эфирде сүйлөшүп жаткан учурда ага чет элдик жаран келип, телефонго тартпашын айткан.
“Тарткан жокмун деген жообуна карабай, чет элдик жаран оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, ортодо келишпестик чыккан. Ушул учурда кылмышка шектүү сөгүнгөн сөздөрдү көтөрө албай бетке уруп жиберген”, – деп айтылат милиция тараткан маалыматта.
Окуя 2-июлда, күндүз болгон. Милиция аны урганга шектүү адамды эртеси күнү кармап, камакка алган. Ал Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы К.Э. аттуу тургуну болуп чыккан. Бүгүн сот анын бөгөт чарасын карайт.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алуу иштери жүрүүдө.
Алган жараатынан өзүнө келбей каза болгон Нигериянын 34 жаштагы жараны, "Cambridge School" тил үйрөнүү мектебинин мугалими Али Тижжани Абубакардын сөөгү Бишкектеги көрүстөндөрдүн бирине жерге берилди. (КЕ)