Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова алтын медал тагынды (видео)
Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медал тагынды.
Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 11-июлда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн беш салмакта байгелер ойнотулду. Кыргызстандын атынан бул күнү Назира Марсбек кызы (59 кг.) жана Мээрим Жуманазарова (68 кг.) килемге чыгып, экөө тең финалдык таймашка чейин жетти.
68 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Жуманазарова алгач чейрек финалда таиланддык Йаринда Эйрлангды 10:0, жарым финалда кытайлык Цинг Лини 8:1 эсебинде жеңди. Алтын байге үчүн болгон финалдык таймашта жапониялык Рин Мияжини 8:6 эсебинде жеңилүүгө дуушар кылып, Азия чемпиону аталды.
59 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Назира Марсбек кызы вьетнамдык Анх Туйет Транды 10:0, кытайлык Жуомалага Жуомалаганы 7:1 эсебинде жеңип алды. Чечүүчү таймашта индиялык Аншу Аншуга жеңилип (0:10), күмүш байге тагынды.
Жуманазарова ушуну менен үчүнчү жолу жаштар арасында Азия чемпиону аталууда.
Ал чоңдор арасындагы Азия чемпионатында дагы күч сынашып, эки жыл катары менен коло байгени алган.
Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты 9-июлда башталган.Таймаштар 14-июлга чейин уланат. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча таймаштар жыйынтыкталып, кыргыз балбандарынан Акылбек Талантбеков (77 кг.) жана Нуржигит Кеңешбек уулу күмүш байгенин ээси болгон. (ECh).