Гонконгдо 1-декабрга караган түнү өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыккандар менен полиция кагылышты. Полиция көчөгө чыккандарды кууп таратуу үчүн жаш агызган газ пайдаланды жана тоз-тополоңдо үч адам жабыркаганы белгилүү болду. Бул өткөн айдын аягында жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодон берки алгачкы калайман нааразылык акциясы болуп калды.
Шаардын борборунда нааразылык акциясына чогулгандар полициядан көздөн жаш агызган газ колдонбоону талап кылды. Ишембидеги каршылык акциясына чыккандарга ардагерлер менен окуучулар да кошулду.
Демонстранттар АКШга Гонконгдогу демократияны жана адам укугун кодоого багытталган мыйзам кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Гонконгдо 24-ноябрда 18 райондук кеңеште шайлоо өтүп, анда демократиялык күчтөрдүн өкүлдөрү 452 орундун 396сын, тактап айтканда дээрлик 90 пайызын жеңип алган. Муну оппозиция өзүнүн жеңиши катары сыпаттаган. Мандат алгандардын катарында бир канча айдан бери Гонконгдогу бийликке каршы калайман нааразылык акцияларын уюштурган лидерлер да болгон.
Гонконгдо бир канча айдан бери миңдеген адамдарды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору себеп болгон. Кийин жаңжалдын башкы себепкери болгон бул документти шаар жетекчилиги парламенттен биротоло кайтарып алган. Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган жетекчилердин иштен кетишин, нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылып жатышат.
В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.
Экс-теннисист Ольховский: Рублев не успел набрать форму на "Ролан Гаррос"
«Он никогда не снимается с турниров». Циципас прокомментировал травму Джоковича
Российский теннисист Медведев снялся с турнира в Хертогенбосе
«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros
Студия Звукозаписи в Москве. Создание Песен, Музыки, Аранжировок.
В Красноярске появились фейковая реклама VK Fest с Бастой
Новости и Культура, Дети и Россия: кукольный Театр Ульгэр выступил в Улан-Улан-Удэ в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник