Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чыккан аймакта кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди.
"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чыр-чатакты андан ары күчөтпөө максатында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагындагы Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары орноткон тосмо дубалдарды алуу боюнча иштер жүргүзүлө башталды",- деп айтылат 19-декабрда саат 18:30а берилген маалыматта.
18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алды. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына да ок тийген. Жараат алгандардын арасында дагы бир милиция кызматкери жана үч жайкын тургун бар.
Эки өлкөнүн жарандары ошол күнү эртең менен чырдашып, бири бирине таш атышкан. Кийин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда саат 11:30да Тажикстан тараптан атылган октон Кыргызстандын ИИМнин бир кызматкери жараат алганын Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.
"Азаттыктын" тажик кызматы Тажикстандын бийлигине таянуу менен кыргыз айылындагылар эки тажик тараптын эки тургунун урганы үчүн чыр чыкканын жазды. Исфара шаарынын администрациясынан атын жашырган булак, Көк-Таштын тургундары кыргыз тарапка байкабай өтүп кеткен окуучуларды урганын айткан. Тажикстандын укук коргоо органдары үч тажик жараны жабыркаганын билдирүүдө.
Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында кездешти.
Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков
Мобилизованного свердловчанина приговорили к 23 годам "строгача" за подрыв гранаты в казарме
Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия
Трасса М-12 Восток будет продлена до Тюмени в 2025 году
Военные следователи провели рейд по бывшим мигрантам в Керчи