БУУда Азимжан Аскаровду абактан бошотуу сунушу айтылды
Акыркы эки жылда өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берген кыргызстандык делегацияга Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү сунуштарын жана каалоолорун айтышты.
Кыргызстанга өз сунуштарын берген өлкөлөрдүн ичинен Ирландиянын өкүлү "2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун тагдырына кызыгып, укук коргоочуну бошотууга үндөдү. Кыргызстандагы сот тармагында жасалып жаткан иштери тууралуу баяндама жасаган Жогорку Соттун судьясы Кенешбек Токтомамбетов айтылган сунуштарга жооп берип жатып, Азимжан Аскаровдун ишине токтолду. Анын айтымында, Аскаровго Кыргызстандын мыйзамдарына шайкеш өкүм чыгарылган. Ошондой эле ал Аскаровдон кассациялык арыз келип түшкөнүн, ал жакында карала турганын кошумчалады.
Сунуштардын арасында өлкөдө сөз эркиндигинин сакталышы, аялдар менен балдардын, улуттук жана жыныстык азчылыктардын, майып балдардын билим алуу укуктарын сактоо жана камсыз кылуу жаатында да айтылды.
Кыргыз делегациясын жетектеп барган тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өлкөдөгү адам укуктарын коргоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатып буларды айтты:
- Кыргызстандагы плюрализм жана сөз эркиндиги эгемендик жылдары жетишкен өлкөнүн өзгөчө сыймыгы. Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана медиа каражаттары эч бир тоскоолдуксуз өнүгүп жатканын өзгөчө белгилеп коюу керек. Алардын катталуусуна жана иштөөсүнө эч кандай тоскоолдук жана кандайдыр бир мамлкеттик цензура жок. Чек арасыз кабарчылар уюмунун 2019-жылдын апрелиндеги рейтинги боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 83-орунда турат. Өз рейтингин 15 баскычка жакшырткан.
Кыргызстан эгемендик алгандан кийин БУУнун мүчөсү катары өзүнө адам укуктарын коргоо багытында бир катар милдеттенмелерди алган. Алардын аткарылышы тууралуу жыл сайын отчёт берилип турат.
2020-жыл жаңыргандан берки кыска убакытта Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болушту. Укук коргоочулар балдар укугу да жетиштүү деңгээлде корголбой келе жатканын айтып келишет. (ZB/ZKo)