Швейцариядагы «Tages-Anzeiger» басылмасы орус тыңчыларынын былтыр Давосто ишке ашпай калган операциясынын чоо-жайы тууралуу жазып чыкты. Анда 2019-жылы августта Швейцарияга үч жумага барган эки орусиялык жаран атайын кызматтын шегин жараткан. «Туристтердин» бири сантехник болуп иштээрин айткан жана Швейцарияда үч жума бою эмне кылары жөнүндө суроого ынанымдуу жооп бере алган эмес. Анан калса эки «туристтин» дипломатиялык паспорттору болгон.
Басылманын маалыматы боюнча, иликтөө иштери башталганда орус тарап эгер бул эки жаран кармала турган болсо дипломатиялык чуу чыгарын эскерткен. Орусиянын Швейцариядагы элчилиги алардын жанынан дипломатиялык паспорттор табылганын «мындай документ Тышкы иштер министрилигинин кызматкерлеринен башкаларга деле берилет» деген жүйө менен түшүндүргөн.
«Tages-Anzeiger» алар январда Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форум маалында тымызын тыңшоо, хакердик чабуул уюштуруу максатында келишкен болушу ыктымал деп боолголойт. Бирок швейцариялык атайын кызмат орусиялык жарандар тыңчылык максатта келгенин далилдей албагандыктан аларды бошоткон.
Ал арада «Hermitage Capital» инвестициялык фондунун башчысы, белгилүү Уильям Браудер тыңчы болушу ыктымал деген бул эки орусиялык жарандын негизги көздөгөнү өзү болгонун айтып чыкты. Бул фонддо 2009-жылы Орусиянын тергөө абагында белгисиз себептен улам көз жумган юрист Сергей Магнитский иштеген. Браудер Магнитскийдин өлүмүн иликтөө иштерин күчөтүүнү талап кылып келет жана АКШда «Магнитский мыйзамы» деген ат менен таанылган, Орусияга каршы санкциялар камтылган документтин демилгечиси болгон.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!