30.12.08
«Аалам», 30.12.08 — 10-бет: Полит-элита…•
Чыңгыз Айтматов
«Кылым карытар бир күндөгү» Жаңы жыл
«Мына жылдардын өткөнүн кара! Кудая тобоо, ушунун баары качан болду эле!»- Жабуулуу Каранарынын эки өркөчүнүн ортосунда термелип келаткан Эдигей ушинтип ойлонду. ..
…Адатта борондулуктар жаңы жылды анча деле барк алышчу эмес, түнкү саат он эки болоорун акыйып күтүп олтуруу деген жок эле. Разъезддеги жумуш эчтемеге карабай жүрүп турат, поезддер каерден жаңы жыл жолугарына карабай жүрүп турат. Анан калса кышкысын үй чарба түйшүгү да арбыйт. Отун жарыш, от жагыш, жайытта болобу, короодогу болобу, малга көз салыш, жем-чөбүн ырастап туруш- ушунун баары эле иш, күнү бою кишини чарчатып салат, анан түнкү уйку карамыктатып турса, эс алып алганы дурус эмеспи.
Жылдар ушунтип бири- бирин кубалап өтө берет да…
Элүү үчүнчү жылдын келер алдында Борондуда кадимкидей майрам болду. Майрамды баштап, уюштургандар да Куттыбаевдердин үй- бүлөсү, Жаңы жылдык камылгага Эдигей аяк ченде келип кошулду. Куттыбаевдер балдарга балаты коюп бермек болот,- баары ушундан башталды. Сары- Өзөктө кайдагы карагай. Андан көрө атам заманда өткөн динозаврдын жумурткасын табыш оңой. Елизаров Сары- Өзөктү геологиялык иштер менен кыдырып жүрүп, миллион жыл мурунку- динозаврдын жумурткасын тапканы ырас. Ар биринин чоңдугу дарбыздай болгон ошол жумурткалар таш болуп катып калыптыр. Алматыдагы музейге алып кетишкен. Ал тууралуу гезитке да жазышпады беле.
Абуталип Куттыбаев кыштын чилдесинде балаты издеп, Кумбелге барат. Ошончолук чоң станцияга болгону беш балаты келиптир, темир жол жергиликтүү комитетине кайрылып жатып, бирөөнү акыры Борондуга бөлдүрүп келет. Мына ошондон башталды.
Разъезддин начальнигинен жаңы кол кап алып, Эдигей складдын оозунда турган. Талаанын шамалына бубактанган поезд келип биринчи жолго токтоп калды. Узун состав, эшиктери пломбалаштырылган төрт октуу вагондор. Акыркы вагондун ачык аянтынан тоңуп калган өтүкчөн буттарын араң такандап, Абуталип жерге түштү. Поездди узатып бараткан составдын кондуктору чоң тончон, тумакчан абышка аюуча олдоксон толгонуп, тарбайган бирдеме берип жатты Абуталипке. Балаты экен деди Эдигей, ошентти да өзү таң калды.
— Эй, Эдигей! Борондуу! Бас бери, бу кишиге жардам бер!- деп Жан темир кармап, күпүйгөн зор денесин салаңдата туруп кондуктор кыйкырды.
Эдигей шашып жетип барды да, Абуталиптин кебетесин көрүп алып, коркуп кетти. Кашынан бери купкуу болуп кар тозоңу баскан Абуталип тоңуп калыптыр, эрдин кыбыратууга алы жок. Колун кыймылдата албайт. Жанында жанагы балаты жатат. Ушу тикендүү тал үчүн Абуталип өлүп кала жаздаптыр.
— Кишиңер ушунтип да жолго чыгабы?- деп корулдады кондуктор. -Уюлгуган борошого жаны кошо кете жаздады. Тонуму чечип берейин десем, өзүм тоңуп калчудаймын.
Абуталип оозун араң ачып кечирим сурады:
— Кечириңиз, ушундай иш болуп калды, Эми үйгө келип калбадымбы, жылып кетээрмин.
— Мен буга айтам да, -деп кондуктор Эдигейге корулдай берди. -Мен го кийгеним тон, анын ичинде пахталуу жаңы кийим, тумакчанмын, кийиз өтүкчөнмүн, ошондо да поездди өткөрүп жибермейинче өлбө жаным өлбөлөп барам. Ушинтип да жолго чыгат бекен!
Эдигей оңтойсузданды.
— Эми эсте болсун, Трофим! Ыракмат! Жолуң болсун!
Ал балатыны алды, Адам боюндай бар экен, муздагын айтпа. Хвоядан кышкы токойдун иси келип турат. Аерде буга окшогон балатылар миң сан болот. Танк менен тепсетип, снаряддар түбү менен жулуп, көккө ыргытчу эле. Мунун жыпар жыты бир кезде кымбатка тураары анда ойго келбептир.
— Жүр, -деди Эдигей Абуталипке, өзү балатыны арта салды.
Суук уруп калбыйып, көз жаш тамчылары жаагында тоңуп турган Абуталиптин көздөрү кубанычтуу, бубак кармаган кашынын астынан сүйүнчү айтчудай күлмүңдөйт. Атанын ушул пейилинин баркына балдары жетер бекен? Турмушта тескери болорун да көрүп эле жүрбөйбүзбү. Ыраазылыктын ордуна кайдыгерлик, болбосо жек көргөн балдар да кезигет. «Кудай сени ошондон сактасын. Башка кайгың деле жетишет, -деди ичинен Эдигей.
Биринчи болуп балатыны улуу уулу Доул көрдү. Сүйүнгөндөн бир кыйкырып алды да, барагына жылт кирип кетти. Аяктан сырт кийимсиз эле Зарипа менен Эрмек жүгүрүп чыгышты.
— Балаты, балаты! Карачы, кандай балаты !- деп Даул тегерене чуркап, кыйкырып жүрөт.
Зарипа да балдардан калбай кубанып алган. .
— Эптеп таптыңбы! Жакшы болбодубу!
Эрмек болсо буга чейин балатыны көрбөптүр. Эдигей акеси көтөрүп келаткан нерсени алая тиктей берди.
— Апа, балаты ушубу? Балаты жакшы ээ? Биздин үйдө жашайбы?
— Зарипа, — деди Эдигей, — орустар айткандай ушу елки-палкинин айынан эриң тоңуп калыптыр. Тезирээк үйгө киргизип жылыт. Эптеп өтүгүн чечиш керек.
Өтүгү бутуна тоңуп калыптыр. Баары жабылып тартып жатканда Абуталип тиштенип, онтоп жатты. Балдары жанталаша жардамдашып, булгаары өтүктү нары тартат, бери тартат. Таш болуп катып калган өтүк аларга болобу,
— Балдар, ары баргылачы, мен азыр, жолтоо болбогулачы, — деп энеси кубаласа да болушпайт.
— Жөн койчу, Зарипа. Мейли, атасына күйүшсүн, — деп Эдигей балдарга жетине албай карап отурду,
Балдарынын кошо күйгөнү, үйрүлгөнү, жакшы көргөнү Абуталип үчүн жеткен ыраазылык экенин Эдигейдин жүрөгү сезип турду. Демек балдары киши болот деген ушу, бирдемени түшүнө баштаганы ушу. Баарынан да кенжесинин аракети адамдын күлкүсүн да келтирет, жүрөгүн да элжиретет. Эрмек негедир атасын «атике» дейт. Адамзат тукумунун а деген сөздөрүнүн бири болгон сөздү бала өзүнчө өзгөртүп алган соң эч кимиси анын айтканын оңдочу эмес.
— Атике! Атике! — деп Эрмеги үйрүлөнө карбаластап, курулай аракетинен эки бети кызарып алыптыр. Тармал чачы үксөйүп, эң бир керектүү ишти аткарууга дилгирленгенинен көзү жалындап, өзү деги эле чоң кишидей олуттуу. Бырс күлүп алып, анан каткырып жибергиң келет.
Балдар мынча аракет кылып калгандан кийин аракетинин өтөөсүнө чыкканы жакшы да. Эдигей ошого жардамдашмай болду. Ага чейин өтүк да жумшара баштаган. Эми Абуталиптин жанын оорутпай сууруп алса болот.
— Кана балдар, менин артыма отургула. Поезд болуп, бири-бирибизди тартабыз. Даул, сен мени карма, Эрмек, сен Даулду карма.
Абуталип Эдигейдин оюн түшүнүп, башын ийкегиледи, сууктан ысыкка киргенге тегеренген жаш аралаш жылмайды.
Эдигей Абуталиптин маңдайына отурду, ага балдар чиркешти. Баары даяр болгондо Эдигей өтүктү тартууга киришти.
— Кана, балдар, катуураак, бирге тарткыла! Болбосо мен жалгыз күчүм жетпейт. Кана, кана, Даул, Эрмек! Дагы катуураак!
Балдар чын көрүп, күшүлдөп-бышылдап тартып атышат. Зарипа күйөрман болуп карап отурат. Эдигей кара күчкө чымырканган болуп, акыры бир өтүктү сууруп алышты. Балдар кубангандан бакырып жүрүштү. Зарипа жүн жоолук менен эринин таманын сүрө баштады эле, Эдигей баарын токтотту.
— Кана, балдар, кана апасы! Силер эмне? Экинчи өтүктү ким тартат? Же атаңар бир буту жылаңаяк, экинчиси тоңгон өтүкчөн кала берсинби? Ошондо жакшы болобу?
Эмнегедир баары каткырып калышты. Көпкө күлүштү. Айрыкча ооналактаган балдары менен Абуталиптин боору эзилди…
1230.htm