Балбан Жоламан Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.
«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан мелдеште Шаршенбеков бүгүн, 19-февралда грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта финалга чейин жетти. Алтын байге үчүн болгон беттеште ал жапониялык дүйнө чемпиону Кеничиро Фумита менен күч сынашып, 4:0 эсебинде жеңилди.
Жоламан Шаршенбеков таймаштарын 1/8 финалдан баштап, алгачкы беттешинде казак балбаны Айдос Султангалини 7:6 эсебинде утту. Чейрек финалда монголиялык Даваабанди Мукхи Эрденени 10:0, жарым финалда ирандык Мехди Сейфоллахты 9:2 эсеби менен жеңип алган эле.
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалында. 19-февраль, 2020-ж. Индия.
Жоламан Шаршенбеков 21 жашта. Ал 2018-жылы Бишкекте өткөн күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында жана октябрь айында Венгриянын Будапешт шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге алган. 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында дагы күмүш медаль тагынган (2019-ж.). Уландар (кадеттер) арасындагы дүйнө чемпионатында коло (54 кг, 2016-ж.), жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (2017-ж.) күмүш медалдын ээси.
Жоламандан сырткары бул Азия чемпионатында 72 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Руслан Царев коло байгеге ээ болду. Ал 3-орун үчүн таймашта Кытай Тайбэйинин өкүлү Йан Кай Ченди 8:0 эсебинде таза жеңип алды.
Бул күнү дагы бир кыргыз балбаны Бексултан Махмудов (97 кг.) Азия чемпионатынын коло байгеси үчүн таймашта жеңилди.
Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаты кечээ, 18-февралда башталган. Мелдештин биринчи күндө кыргыз балбандары бир күмүш, эки коло байгеге ээ болгон. Күмүш байгени Азат Салидинов (87 кг.) алса, Ринат Ильязов (77 кг.) менен Роман Ким (130 кг.) коло медал тагынды. (GT/ECh)