Кыргызстан коронавирус көп катталып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын келишине убактылуу чектөө киргизди. Мындай чечим коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын 28-февралдагы жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Чечимге ылайык аталган өлкөлөрдүн жарандары 1-марттан тарта ишке же туристтик максаттарда Кыргызстанга кире алышпайт. Ошондой эле 1-марттан тарта илдет жайылган өлкөлөрдүн жарандарына чакыруу жөнөтүүгө тыюу салынат.
Бул тизме кырдаалга жараша өзгөрүп турмакчы.
Республикалык штабдын мүчөсү, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул өлкө жарандарынын саламаттыгы, коронавирустун жайылышын алдын-алуу үчүн Кыргызстан колдонгон убактылуу жана аргасыз чара деп билдирди.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын аймагында жугуштуу илдет каттала электигин кабарлоодо.
Коронавирус же COVID-19 Кытайдын Ухань шаарында январь айында катталган. Эпидемияга байланыштуу шаар карантинге алынган. Учурда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 85 миңден ашты. Каза болгондордун саны 3000ге чамалады. Акыркы маалыматтарда коронавирус табылган өлкөлөр 50дөн ашканы кабарланууда. (BkA)
Инго Экосистема стала победителем национальной премии FinTech Awards Russia
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов