Референс-лаборатория COVID-19 боюнча иштөөгө камданууда
Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Республикалык референс-лаборатория ишин убактылуу негизде коронавирусту аныктоо багытына бурууда. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун маалымат кызматы кабарлады.
Борбордун карамагындагы бул республикалык лаборатория буга чейин кургак учук боюнча анализдерди изилдеп келген болсо, эми коронавирусту аныктоо ишине камданып жатат.
Лабораториянын кызматкери, биотехнолог Жанара Акыбаеванын айтымында, атайын аппарат орнотулду жана аны менен коронавирусту ошол замат аныктаса болот:
"Реагенттер келер замат биоматериалдардын үлгүсүн коронавируска текшере баштайбыз".
Бүгүнкү күндө COVID-19 вирусун аныктоо ишин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториясы жүргүзүүдө. Референс-лабораториянын да беш кызматкери ошол жакта иштеп жатат.
Лабораториянын жетекчилиги белгилегендей, кызматкерлерди үйрөтүүгө көп аракет талап кылынган жок, себеби буга чейин алар USAID агенттигинин долбоору боюнча жакшы даярдыктан өтүшкөн.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам өлкөдөгү дарылоо мекемелеринин багытын кайра караштырып жатканы кабарланган. Планга ылайык, эгер зарылчылык келип чыкса жалпы республикада 1943 орун (инфекциялык бөлүмдөрдө) коронавируска чалдыккандарды дарылоого ылайыкташтырылат. Алардын 254ү реанимациялык орун.
2-апрелге карата өлкөдө коронавирус 116 адамга жукту, алардын бешөө айыгып чыкты. (RK)