Эл аралык финансы уюмдарынан акча кандай шарттар менен алынары айтылды
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева эл аралык финансы уюмдарынан каражат кандай шартта, кайсы тармактарга алынып жатканы тууралуу маалымат берди.
Жээнбаева 11-апрелде өткөн брифингде пандемияга байланыштуу Кыргызстанда дээрлик бардык бизнес өз ишин убактылуу токтотконун айтып, бул республикалык бюджетти аткарууга олуттуу таасирин тийгизип жатканын билдирди.
Министрликтин алдын ала божомолу боюнча быйыл бюджеттин киреше бөлүгү 30 миллиард сомго чейин толбой калышы мүмкүн. COVID-19 вирусуна каршы иш-чараларга сарпталчу кошумча каражатты эске алганда бюджеттин чыгашалары дагы көбөйүшү ыктымал.
Жээнбаева ушундан улам эл аралык финансы уюмдарынан насыя жана грант алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана анын шарттарын айтып берди.
«Мисалы, Эл аралык Валюта Фондунун карызы 10 жылга, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунуку 20 жыл, Азия өнүктүрүү банкыныкы 32 жыл, ал эми Дүйнөлүк банктыкы 38 жылга берилүүдө. Алардын пайыздык чендери да төмөн. Эл аралык Валюта Фонду 0,7%, Дүйнөлүк банк 0,75%, Азия өнүктүрүү банкы 1% менен берип жатат».
Эл аралык Валюта Фонду Кыргызстанга 120,9 млн. доллар жеңилдетилген насыя берген. Андан тышкары Дүйнөлүк банк 12 млн. доллар бермек болду, мунун жарымы насыя, жарымы грант түрүндө. Германиянын GIZ уюмунан гуманитардык жардам катары 550 миң евро грант катары берилет.
Ал эми Азия өнүктүрүү фондунан 100 млн. доллар, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан 100-150 млн. доллар жана Ислам өнүктүрүү банкынан 11 млн. доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Министр Жээнбаеванын сөзү боюнча, каражат бюджетти колдоого, COVID-19 вирусуна каршы иш-чаралар үчүн жана бизнести колдоого жумшалат. (BTo)