Абылгазиев өкмөт бардык муктаждарга жардам бере турганын убада кылды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн чечими менен 80 миңден ашуун муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн азык-түлүк топтому чогултулуп, 10 миң тонна ун бөлүнгөнүн билдирди.
Мындан тышкары Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тегерегинде каттоосуз жашаган, пенсия жана жөлөк пул албагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 600 тонна ун жана 35 тонна кумшекер бөлүү чечими кабыл алынган.
Өкмөттүн аппаратынын маалыматы боюнча, ушундай эле иштер Кара-Суу, Сузак жана Ноокат райондорунда жүргүзүлүп жатат.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 10 млн. 846 миң сом түшкөн, анын ичинен 4 млн. 380 миң сом азык-түлүк сатып алып, таркатууга жумшалды.
«Бюджеттин корголгон беренелери толук көлөмдө каржыланат. Айлык акыларды төлөп берүүдө эч кандай көйгөйлөр жана кечиктирүүлөр болбойт», - деди Абылгазиев.
11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус дагы 41 адамдан табылды. Ошентип, республика боюнча бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 339 кишиге жетти, каза болгондор - бешөө.
COVID-19 вирусу жуккандардын 51 медицина кызматкерлери. Бардыгы болуп ушул күнгө чейин 44 бейтап айыгып чыкты. (BTo)