Онкологиялык оорусу бар адамдардын дарысына 160 млн. сом бөлүндү
Кыргыз өкмөтү онкологиялык ооруга чалдыккан адамдар үчүн дары-дармек сатып алууга 160 млн. сом бөлдү. Анын 60 млн. сому бул илдеттен жабыркаган балдардын дарысын алууга жумшалат. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлап, Улуттук онкология жана гематология борборунда бар дарылардын тизмесин жарыялады.
Ага ылайык, балдар онкологиясы жана гематология бөлүмүндө залалдуу шишиктерге каршы циклофосфан, аспарагиназа, ритуксимаб, карбоплатин, иринотекан, этопозид, цисплатин, филграстим, меркаптопурин, винкристин дарылары бар.
2019-жылы ифосфамид, дактиномицин, даунорубицин дарыларын сатып алуу боюнча тендер өткөн. Чек аралар жабылгандыктан, аларды алып келүү кечигип жатат.
Балдар онкологиясы жана гематология бөлүмүндө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Улуттук онкология жана гематология борбору метотрексат, циторабин, адриабластин, ифосфамид, урометоксан, дактиномицин, даунорубицин дарыларын кыска мөөнөттө алып келип берем деген фармкомпаниялар менен түз келишим түзүүгө даяр. (BTo)