АКШ Конгрессиндеги эки партиянын мүчөлөрү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматы - "Озоди" радиосунун журналисттерин “коркутууну” жана башка тоскоолдуктарды жасоону токтотууга чакырган кат жолдошту.
Мыйзам чыгаруучулар тажик бийлигин журналисттердин өз ишмердигин “токтоосуз улантуусуна” уруксат берүүгө үндөшөт.
16-апрелде жазылган катка Калифорниядан шайланган демократ- конгрессмен Адам Шифф жана Огайо штатынын республикачыл мыйзамчысы Стив Шабо кол койгон. Эки конгрессмен былтыр октябрь айында тажик бийлигине кат жазган.
Конгрессмендер “Озоди” радиосунун тажик кызматынын журналистери кабылган жаңы коркутуу фактылары тууралуу маалымат алышкан. Алар тажик бийлиги “Озодинин” журналисттеринин аккредитациясын эрежеге ылайык бир жылга эмес, негизсиз кыска мөөнөткө узартып жана айрым журналисттерди “текшерүүгө” алышканына камтамачылык билдиришкен.
Эки конгрессмен “глобалдык пандемиянын маалында кризис жана аныксыздык күчөп турганда ишенимдүү, тастыкталган, көз карандысыз маалымат булактары өтө маанилүү”, - деп белгилешкен.
Америкалык мыйзам чыгаруучулар тажик бийлиги эл аралык радионун Дүйшөмбүдөгү бюро башчысынын жана администраторунун аккредитациясын “кароого” калтырып койгону “чочулаткан кабар” экенин белгилешкен.
17-апрелде тажик президентинин администрациясы Вашингтондон келген катты алганы же албаганы тууралуу кабар тараткан жок.
В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Белый дом заявил, что США готовы обсуждать ДСНВ с Россией
Футбольная сборная России забила Белоруссии 4 безответных мяча