«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду Зайырбек Ажыматовду эскерди
![«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду Зайырбек Ажыматовду эскерди](https://gdb.rferl.org/BEE56CE7-AC69-41C2-AF57-28C1979B9CE5_w800_h450.jpg)
Экс-президент Роза Отунбаева жана ал негиздеген «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Зайырбек Ажыматовдун дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына, калемдештерине жана акынды сүйүп окуган күйөрмандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Анда: “Зайырбек Ажыматов элибиздин сүймөнчүк акыны эле. Анын ырларын миңдеген окурмандар күтүп, издеп, жан дилден сүйүп окушат. Ал фонддун маданий демилгелерине да катышып, тыгыз кызматташып, ырларын окуп берип, эл менен болгон көптөгөн жолугушуулардын көркүн ачкан. Зайырбектин тоо жаңырткан канаттуу ырлары, жылдыздуу элеси элибиздин эсинде түбөлүккө калат. Биз сени унутпайбыз, жүрөгүбүздөсүң, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!” деп айтылат.
«Азаттык» радиосунун кабарчысы, белгилүү акын Зайырбек Ажыматовдун сөөгү 1-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет. Коштошуу зыйнаты ушул күнү «Дордой» конушунда жайгашкан үйүндө саат 09:30да башталат.
Бир нече китептин автору, көп жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келген журналист 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайтты.
Ажыматов журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. «Азаттык» радиосунда 2014-жылдан бери эмгектенип жаткан.
2019-жылы «Жүрөктөгү бороон» жаңы ырлар жыйнагын чыгарган. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.