Вандыктардын жардамы, аймактардагы мектептер
![Вандыктардын жардамы, аймактардагы мектептер](https://gdb.rferl.org/c6181dfb-da6a-436e-a415-9ea4315f8a18_w800_h450.jpeg)
«Азаттык» аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.
Ош
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылынын сегиз тургуну күйдүргү (сибирь жарасы) жуккан деп ооруканага түшүп, алардын биринен илдет аныкталды. Айыл 28-августка чейин карантинге алынып, мал-жандыктар көзөмөлдөнүп, союуга тыюу салынды.
Коронавирус илдети менен күрөшүүгө жарандар салым кошууну улантууда.
Ош шаарынын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары коронавирус илдети менен күрөшүүгө ачылган мэриянын эсебине 100 миң сом которгон.
Мэриянын "Фейсбуктагы" баракчасындагы маалыматка караганда аталган каражатты ишкерлер, тургундар жана МАБ кызматкерлери чогултушкан.
Талас
Кыргызстандын балбан кыздары карантинде айылга барып, талаада машыгууга муктаж болушту. Элетте атайын шарт жана спортко керектүү шаймандар жок болгондуктан кыздар таш көтөрүп чуркап, балка менен дөңгөлөк чаап машыгып жаткан учуру.
Соңку жылдары кыздар арасында күрөшкө кызыккандар көбөйдү. Машыктыруучулар муну элдин спортко болгон көз карашы өзгөрө баштаганы менен түшүндүрүүдө. Видео Чүй, Ысык-Көл жана Талас облусунан тартылган.
Баткен
Президент Сооронбай Жээнбеков 12-августта иш сапары менен Баткен облусуна барды. Иш сапарынын жүрүшүндө өлкө башчысы чек арачылар үчүн курулуп жаткан үйдүн пайдубалын түптөөгө катышып, ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоо иштерин жеринен көрдү. Баткен облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын реконструкциялоо иштерин көрүп, аймактагы саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.
90 орунга ылайыкташкан оорукананын ремонту августтун аягына чейин аяктары пландалууда. Учурда Баткен облусунун жана Баткен шаарынын 116 миңден ашуун жашоочусун 45 орундук жугуштуу оорулар бөлүмү тейлөөдө. Бул жергиликтүү калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жетишсиз.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Баткен облусундагы сапарынын жүрүшүндө облуска өрүктү кайра иштетүүчү логистикалык борбор курулары белгилүү болду.
Жеке ишкер Нурбек Осмонов Баткен облусунда өрүктү кайра иштетүү жана сорттоо боюнча логистикалык борбор жана текстил фабрикасын курганы жатат. Ал үчүн төрт гектар жер бөлүнгөн.
Нурбек Осмонов жергиликтүү өрүктү кайра иштетүү боюнча долбоорго сегиз млн. АКШ долларына жакын инвестиция салынганын, ишкана иштей баштаса 200 жумуш орду түзүлүп, жыл сайын сегиз миң тонна өрүк кайра иштетилерин айтты.
Ал эми текстил фабрикасын куруу боюнча долбоордун жалпы суммасы дээрлик алты млн. АКШ долларына бааланууда. 2021-жылдан тартып фабрика Баткен шаарынын калкы үчүн кошумча 1000 жумушчу ордун түзүүнү жана жыл сайын 400 млн. сомго жакын өндүрүм чыгарууну пландаштырууда. Жогорудагы долбоорлордун курулушун 2020-жылдын декабрында бүтүрүү пландалган.
Бишкек
Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын адистери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери шаарда эл ташыган коомдук транспортту текшерип жатат.
Мэриянын басма сөз кызматы коронавирус илдетине байланыштуу автоунаалардын ичинде санитайзерлер коюлуп, санитардык тазалык жана аралык сакталышы керек экенин билдирди.
1-июндан бери 2 632 маршрутка, автобус жана троллейбус текшерилди. Анын ичинен 217 транспорт каражатында санитардык талаптар сакталбаганы үчүн айдоочуларына 370 500 сом айыппул салынды.
Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу аймактарда мектептер иштейт
Коронавирус пандемиясынын шартында жаңы окуу жылында окутуу системасынын варианттары иштелип чыкты. Аны Билим берүү жана илим министрлигине караштуу эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп чыкты. Министрдин орун басары Надира Жусупбекованын 11-августта маалымдаганына караганда, жалпы билим берүү мекемелеринде окутуу форматы бир катар чечимдердин негизинде аныкталмакчы.
«Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жергиликтүү бийлик тарабынан кабыл алынган чечим. Ошондой эле ата-энелерге окутуу форматын тандоо укугу берилет, мектеп жана ата-энелердин түзгөн келишиминин негизинде», - деди ал.
Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, коопсуз аймактарда же «жашыл зоналарда» мектептин менчигине, тибине карабай 1-11-класстарды окутуу салттуу түрдө жүргүзүлөт. Окуучулардын саны абдан аз болсо, нөөмөт класстар ачылышы мүмкүн.
Кырдаал туруксуз аймактарда окутуу салттуу-дистанттык аралаш форматта жүрөт. Анда 1-5-9-11-класстар гана салттуу форматта окутулат. Класстардагы окуучулардын санына жараша топторго бөлүнүп, ийкемдүү жадыбалга ылайык окушат. Мисалы, 1-топ дүйшөмбү, шаршемби күндөрү, 2-топ шейшемби, бейшемби күндөрү мектепке келишет. Мугалимдер окуу программасы боюнча жаңы материалды түшүндүрүп, окуучулардын кабыл алуусун өнүктүрүүгө багытталган тапшырмаларды берет. Жума күндөрү мугалимдер окуучулар менен кайра байланышка чыгышат жана сабакка даярданышат. Кененирээк бул шилтемеден окуңуз.
Вандык кыргыздар Кыргызстанга медициналык гумжардам жөнөтүштү
Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуу Памир айыл башчысы Эйүпхан Кошар билдирди:
«Биз жалпысынан 11 миң доллар акча чогулттук. Ага 25 даана аппарат алдык. Ал бүгүн учак менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратка жеткирилет. Алар болсо Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп беришет».
14-июлда Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын тургундары жана Түркиянын ири шаарларында жашаган вандык кыргыздар Кыргызстандагы коронавирус менен күрөшүү демилгесин колдоп, жардам берүү акциясын башташкан. Бул акцияны Улуу Памир айыл тургундары, мамлекеттик кызматта жана менчик ишканаларда иштеген вандык кыргыздар колдоп, акчалай жардам топтошкон.