Казак медиа каражаттары Айсултан Назарбаев каза болгонун жазышууда
Казакстандын айрым жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) экс-президент Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Назарбаев кайтыш болгонун жазып жатышат. Айсултандын жүрөгү токтоп каза болгонун Zakon.kz сайтыкабарлады. Аталган сайттын жаңылыгын бир катар жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттары (ЖМК) басып чыгышты. "КазТАГ" агенттиги өз булактарына таянып, маркум 17-августта жерге берилерин маалымдады.
Айсултан Назарбаевдин каза болгону тууралуу маалымат социалдык тармактарга желдей тарап, түрдүү талкууларды жаратууда. Бирок кабар тарагандан бери төрт саат өтсө да, казак бийлиги да, Айсултандын жакын туугандары да бул боюнча расмий маалымат берише элек.
"Азаттыктын" казак кызматы Казакстандын Тышкы иштер министрлигине, Нурсултан Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибайга байланышып, эч кандай маалымат ала алган жок.
30 жашка чыккан Айсултан Назарбаев Казакстандын сенатынын экс-спикери Дарига Назарбаева менен анын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин кичүү уулу. Ал Улуу Британиянын "Сандхерст" аскердик академиясын бүткөргөн. Мекенине кайтып келгенден кийин Казакстандын Коргоо министрлигинде иштеген. 2017-жылы жети айдай Казакстандын футбол федерациясынын вице-президенти болгон.
Ал былтыр октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгону кабарланган. Натыйжада Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип, баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген.
Айсултан быйыл жыл башында Улуу Британиядан саясий баш калка сураган. Соңку мезгилде ал өзүнүн жакын туугандарына ар кандай дооматтарды тагып, Казакстандын бийлигин сындап келген болчу.