Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын байге үчүн күрөшөт
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын байге үчүн күрөшөт. Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Жуманазарова 15-декабрда 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.
Алгач беларус Андда Садчанканы 4:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда украиналык Алина Бережна Стадник-Махиняны жеңип (6:6), финалдык таймашка жолдомо алды. Бүгүн, 16-декабрда Жуманазарова чехиялык Адэла Ханзликова менен алтын байге үчүн күрөшөт. Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.
Бул күнү дагы бир кыргызстандык Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн орусиялык Екатерина Букина менен күрөшөт. Ал жарым финалда германиялык Аллин Роттер Фокенге жеңилген эле. Ага чейин чейрек финалда болгариялык Мария Оряшкованы 5:1 эсебинде утуп алган эле.
Бул дүйнө кубогунда күрөштүн аталган түрүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова алтын байгенин ээси болду.
Күрөш боюнча Дүйнө кубогу 12-декабрда башталган. Алгач грек-рим күрөшү боюнча байгелер ойнотулуп, бул таймаштарда кыргыз балбандары бир алтын, эки коло байгеге ээ болушту. 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков алтын медал тагынса, Руслан Царев (72 кг.) менен Калы Сулаймановго (63 кг.) коло медал буюрду.
Дүйнө кубогунун мелдештери 18-декабрга чейин уланат.
Алдыда эркин күрөш боюнча таймаштар бар. Кыргыз балбандары жети салмакта байге үчүн күч сынашат. Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг.), Улукбек Жолдошбеков (61 кг.), Эрназар Акматалиев (65 кг.), Исламбек Орозбеков (70 кг.), Саякбай Усупов (74 кг.), Арсалан Будажапов (79 кг.) жана Айаал Лазарев (120 кг.) килемге чыгат. 86 кг., 92 кг. жана 97 кг. салмакта кыргызстандык балбандар күч сынашпайт. (GT/EСh)