Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Саймаитиге байланыштуу депутаттык комиссиянын ишине түшүндүрмө берди
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча убактылуу комиссиянын ишине байланышкан түшүндүрмөнү таркатты. Анда комиссия түзүү эрежелери белгиленген:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" мыйзамга ылайык убактылуу комиссиялар Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан түзүлөөрүн эске салуу менен фракциялардын сунушу боюнча, алардын Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн тең салмактуулугун сактоо үчүн курамы 5 депутаттан кем эмес болгон комиссия түзүлөт. Каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча комиссиянын бардык актылары (чечим, корутунду, сунуш) катышып жаткандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат".
Ошондой эле түшүндүрмөдө Саймаитиге байланыштуу комиссиянын ачык-айкын иш жүргүзгөнү белгиленген:
"Дагы бир белгилей кетчү жагдай, жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын бардык отурумдары ачык өтүп, өлкөдөгү көпчүлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылып, айрым массалык маалымат каражаттарды жыйынды түз алып көрсөткөн".
Кыргызстандан миллиондогон доллар акчаны чыгарып кетүүгө аралашкан Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жагдайларды териштирүү үчүн 2019-жылдын ноябрында Талант Мамытов жетектеген утурумдук депутаттык комиссия түзүлүп, ал ишин 2020-жылдын июнь айында жыйынтыктаган. Комиссиянын корутунудусу парламенттин 18-июндагы отурумунда талкууланган жана токтом кабыл алынган.
Комиссиянын отурумдарында жана парламенттик жалпы жыйында Айэркен Саймаити менен байланышы бар деп айтылып келаткан бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы аталган эмес. Ошондой эле комиссия иликтөөчү «журналист Али Токтакунов Саймаитиден 100 миң доллар пара алган» деген эки адамдын көрсөтмөсүн жарыялаган.
Мындай тыянак коомчулукта Талант Мамытов жетектеген утурумдук комиссиянын ишине күмөнсүнгөн пикирлерди жараткан.
2018-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрү жарыяланган.
Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.
Матраимовго байланышкан ишти учурда УКМК тергеп жатат. 9-декабрда АКШнын Каржы министрлиги Райымбек Матраимовго "Магнитский" санкциясын киргизген. 49 жаштагы Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары бул мекеменин төрагасынын орун басары болгон. 8-декабрда Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, ал мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төктү.
«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айэркен Саймаитини 2019-жылдын 10-ноябрында кечке жуук, Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын алдындагы кафеден белгисиз адам атып кеткен. (BCh)