Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Ташиевди сындаган серепчи чыккынчылыкка айыпталды

0
Ташиевди сындаган серепчи чыккынчылыкка айыпталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чыккынчылыкка шек саналып кармалгандардын бири саясат талдоочу Марат Казакпаев экенин ырастады. Аны менен кошо камалган дагы бир кишинин чоо-жайы азырынча белгисиз. Бул жагдай коомчулукта түрдүү талкууларга жем таштады.

Мында түкшүмөл жараткан бир жагдай – Казакпаев аз күн мурда маектеринин биринде атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин аракеттерин ачык сынга алган.

Сыры айтылбаган иш

Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары кармалган эки адамдын биринин аты-жөнү Марат Казакпаев экенин 14-апрелде УКМК расмий кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы алар ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында табылган далилдердин негизинде 13-апрелде кармалганын билдирди.

УКМК кармалган экинчи адамдын аты-жөнүн ачыктай элек, ал тууралуу М.Т. деген гана маалымат берүү менен чектелди.

Атайын кызматтын өкүлү Назгүл Кыдыралиева аларга коюлган айып менен 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын билдирди:

"Жазык кодексинин 307-беренесинин биринчи бөлүгү – “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмышты жасоого бул жарандардын катышы бар экендиги жөнүндө далилдер алынды. УКМК колдонуудагы мыйзамдардын бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилеп кетет. Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары улуттук коопсуздукка тиешеси бар болгондуктан иш купуялык негизде каралат”, -деди ал.

 

УКМК алгач мындай кылмышка шектүү катары кармалган эки кишинин аты-жөнүн атаган эмес. Бир катар басылмалар өз булактарына таянып, чыккынчы деген шек менен колго түшкөндөрдүн бири саясат талдоочу Марат Казакпаев экенин жазып чыгышкан.

Азырынча Казакпаевдин адвокаттары жана жакындары менен байланышууга мүмкүн боло элек. Кайсы иштерге байланыштуу айып коюлганы жөнүндө так маалымат жок.

Деген менен бул окуя коомчулукта түрдүү жоромолдорду жаратып, талкууларга жем таштады. Айрыкча социалдык тармактарда мамлекеттик кызматта иштебеген адамдын чыккынчылыкка айыпталышы күмөн жаратары тууралуу пикирлер арбын айтылып жатат.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков атайын кызматты ичинен билген адис катары бул ишке мындайча түшүндүрмө берди:

“Биринчиден, мамлекетке чыккынчылык кылды деген өтө оор кылмыш. Экинчиден, эгерде Кыргызстандын жараны, кайсы жерде иштебесин мамлекеттик же аскердик сырларды башка мамлекеттерге, алардын атайын кызматтарына, же негизги уюмдарына берсе, тышкы коопсуздукка чоң коркунуч келтирсе - бул чоң чыккынчылык болуп эсептелет. Мамлекеттик кызматта иштебеген адам деле ушундай кылмыштарга шек саналышы мүмкүн. Анткени киши мамлекеттик кызматта иштебесе деле ортомчулар аркылуу купуя маалыматка ээ болуп калышы ыктымал. Анан кызыкдар тараптарга берип, Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирсе, ал мамлекеттик кызматта иштейби же иштебейби жоопко тартылат”.

Казакпаевдин тарапташтары же жактоочулары атайын кызматтын айыптоосу тууралуу азырынча үн ката элек. Бул макала жазылып жаткан чакта алар менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Кармоого дал келген сын

Марат Казакпаев көп жылдан бери журналисттерге саясат таануучу катары белгилүү. Ал 55 жашта, 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. Эмгек жолун ушул эле окуу жайдын философия жана дин таануу кафедрасында баштаган. Кийин саясат таануу кафедрасына которулган. Казакпаев соңку жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинде ушул эле багытта сабак берип келген. 

Казакпаев эксперт катары өлкөдөгү орчундуу коомдук-саясий окуялар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына маек куруп, комментарий берип турчу.

Талдоочу жергиликтүү Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунда (ЦППИ), бир нече өлкөлөрдүн эксперттеринин башын бириктирген “Пикир” клубунда жана башка уюм-мекемелердин платформаларында да өз ойлору менен бөлүшүп келген. Ар кандай саясий изилдөөлөргө да катышып жүргөн жайы бар.

Жакынкы убактарда орусиялык «Гуров и партнеры. Центральная Азия» аттуу сайты менен жергиликтүү долбоордун жетекчиси катары кызматташып жүргөнү кабарланууда. 24.kg жана Kaktus.media басылмалары интернеттеги архивдерге таянып gurovpr.ru сайтында Казакпаев тууралуу кенен маалымат болгонун жана ал кармалгандан кийин макала өчүп калганын жазып чыгышты.

Ошол эле убакта айрымдар “Марат Казакпаев өз интервьюларында бийликке жакпаган билдирүү жасап, ошондон улам кайсы бир аткаминерлерге жакпай калышы мүмкүн” деген жүйөлөрдү келтиришүүдө. Саясий талдоочу Игорь Шестаков мындай ойлорго кошулбайт:

“Марат эксперт катары кыйла эле ортомчул маанайды карманчу. Мен аны он жылдан бери билем. Ал кескин көз караштарды айтчу эмес, ойлору менен мелүүн абалда эле бөлүшүп турчу. Ошондуктан азыркы мезгилде кандайдыр бир оппозициялык маанайда саясат таануучу болгон дегенге негиз жок. Мен анын кайсы бир комментарийлери камоого себеп болду деп ойлобойм. Башка маселе, ал кайсы бир мамлекеттик долбоорлордо иштегенби же жокпу, менин кабарым жок экен. Ошентсе да мен бул кармоону резонанстуу иш деп атайт элем. Анткени Марат Казакпаев акыркы он жылдан бери медиа мейкиндигине активдүү катышкан эксперттердин бири”.

Деген менен көңүл буруучу бир жагдай – Марат Казакпаев “Азия Ньюс” гезитинин 8-апрелдеги чыгарылышына жана ушул эле гезитке таандык aryba.kg сайтына 10-апрелде “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталышта маек курган. Анда ал азыркы бийликтин, анын ичинде атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу аракеттерин сынга алган эле.

“Чынында эле абал оорлошуп баратат. Акырындап ушул абалга такалдык. Делимитация боюнча ушундай кала берсе, чыр-чатактар улана берет. Учурда айдап-себүү, жазгы талаа жумуштары башталды. Кандай болсо дагы тажик чек арачылары кол салып, нааразылыктар болуп, күн алыс түрдүү жаңжалдар орун алып келет. Себеби, чек ара толук такталып, түзүлө элек. Бир дагы документ жок, ошону үчүн ушундай окуялар кайталанууда. Менин оюмча, Камчыбек Ташиев эмес, президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугушуусу керек... Камчыбек Ташиев экинчи вариант боюнча айтып кетти. Алмашуу боюнча сөз козгоду. Бул таптакыр туура эмес. Тажик тарап Ворухту алмашууга барбайт. Булар “Ворух – тажиктин жери” деп сөздөрүнө турушат. Ошондуктан сүйлөшүүгө барбай жатышат... Ак-Сай менен Лейлекке чейин жол салыш керек болчу. Жол, фабрика салып таштасак, ошолорду көрүп эле тажиктерге коркунуч болмок. Чек арачыларга да шарт керек. Коопсуздук окууларын тез-тез өткөрүп, иштеп, кыймылдасак жылыш болот. Анан жөн эле “алмашып коёлу” деген куру сөз болбойт. Болбогон позицияны айта берсек, абал курчуй берет. Муну Камчыбек Ташиев же башка аткаминерлер чече албайт”, - деген ал анда.

Атайын кызматтын төрагасы, чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдө кыргызстандык делегациянын жетекчиси Камчыбек Ташиев чек ара тууралуу соңку билдирүүсүн 26-марттагы маалымат жыйынында жасаган. Анда ал кыргыз-тажик чек арасын чечүү үчүн Ворух анклавын Баткендеги башка аймактан 12 миң гектар жерге алмаштырууга даяр экенин, бул сунуш Дүйшөмбүгө берилгенин маалымдаган.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын аймагындагы Ворух анклавына 9-апрелде келген учурда аны алмашуу ыктымалдыгын четке каккан.

Кыргызстанда буга чейин дагы "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси менен кармалып, соттолгондор болгон. Алардын бири - өкмөттүк аппаратта иштеген Алтынбек Муралиев 2014-жылы кармалып, 22 жылга соттолгон жана 2019-жылы жатак абакка чыгарылган.







Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Eurasianet: Азербайджан публично и цинично уничтожает армянское культурное и историческое наследие в Нагорном Карабахе

Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»

До плюс 50 градусов: Каким городам России грозит аномальная жара летом 2024 года. Опубликован список


Бесплатные ежедневные тренировки от сети фитнес-клубов Spirit. Fitness в парке Горького/Музеон

Пегас сделал важное заявление по Египту: стали известны цены на туры на предстоящую зиму

Стоматолог Владимир Лосев: сколько времени нужно носить брекеты

Волжский нарцисс - Плес


Brentford B and Tiverton Town Friendlies Announced

Where to find Real Madrid vs Dortmund on US TV: June 1, 2024

When Narine asked Gambhir 'can I bring my girlfriend to IPL?'

England vs Bosnia & Herzegovina: Three Lions face Dzeko and Co in Euro 2024 warm-up match – stream FREE, TV, team news


Водитель "Лифана" погибла после аварии с фурой

Для строительства участка Приморского кольца в Калининградской области ищут подрядчика

Рассказ про зятя. Хоть и не про котиков, но тож смешной

Лучший HR-бренд – «Грузовичкоф»


Лучшие Эхо в Wuthering Waves — соберите самую мощную сборку

Четвёртое дополнение Age of Wonders 4: Eldritch Realms завершит первый цикл поддержки игры

Gamesblender № 676: God of War: Ragnarok на ПК, осенний ремейк Silent Hill 2 и новости Warhammer

Началась предрегистрация на Command & Conquer: Legions — релиз в конце 2024 года



Тысячи активистов разгромили офис Socar в Стамбуле, обвинив «Азербайджан» в поддержке геноцидальной политики Израиля в Палестине

Отельеры вступают в Игры дружбы // Стоимость размещения в гостиницах растет

Весь мир чипировали умом Ленина?! Раскрыта загадка Мавзолея В.И. Ленина. Проект "Святой Ленин".

На борту самолета, летевшего из Москвы в Турцию, из-за жары погибла кошка якутского пилота


Весь мир чипировали умом Ленина?! Раскрыта загадка Мавзолея В.И. Ленина. Проект "Святой Ленин".

«Коммерсант»: РПЦ и Роспатент запретят использовать религиозную символику

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Специалист рассказали пензенцам, как избавиться от жажды в жаркую погоду


Какой народный праздник отмечают в России сегодня, 4 июня

Синоптики сообщили о жаркой погоде с дождем и грозами в Москве 3 июня

В Ярославле началось благоустройство территории у Вечного огня

На прогулку и в офис: звездный стилист Дембикова назвала главные тренды лета — 2024


Матч Котова и Вавринки перенесли на корт Сюзанн Ленглен

Азаренко не смогла выйти в 1/16 финала открытого чемпионата Франции по теннису

17-летний россиянин Даниил Саркисян разгромил Форбса из США на юниорском «Ролан Гаррос»

Не ходите, дети, в теннис: как Андре Агасси и Штеффи Граф подарили детям право выбора


Какой народный праздник отмечают в России сегодня, 4 июня

В России предложили запретить регистрацию товарных знаков с религиозной символикой

Риелтор Сырцов назвал три безопасных для аллергиков округа Москвы

Синоптики сообщили о жаркой погоде с дождем и грозами в Москве 3 июня


Музыкальные новости

Доктор Кутушов назвал болезни, которые поджидают отдыхающих у водоёмов

Обманул сына, бросил жену в 90 лет и потерял дочь: яркая жизнь Бедроса Киркорова

Бутман и Долина приняли участие в Akra Jazz Festival в Турции

«Это конец артистки»: Зверев уверен, что проблема Волочковой не в алкоголизме


Периоды похолодания в июне спрогнозировали россиянам

На борту самолета, летевшего из Москвы в Турцию, из-за жары погибла кошка якутского пилота

Весь мир чипировали умом Ленина?! Раскрыта загадка Мавзолея В.И. Ленина. Проект "Святой Ленин".

Тысячи активистов разгромили офис Socar в Стамбуле, обвинив «Азербайджан» в поддержке геноцидальной политики Израиля в Палестине


Леонид Агутин посвятил ушедшей Анастасии Заворотнюк песню и клип

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России

Спортсмены Улан-Удэнского ЛВРЗ стали победителями региональной спартакиады

ФК «Зенит» представил стартовый состав на суперфинал Кубка России в Москве


Отзывы об EXEED VX: что говорят владельцы в 2024 году

Как узнать совместимость запчастей на авто?

Как подобрать запчасти на китайские авто?

Первое историческое ралли в Москве 2 июня 2024


Путин 7 июня выступит на ПМЭФ и будет говорить не только об экономике

Российские ракеты средней дальности могут появиться под боком восточноазиатских сателлитов США

Путин назвал День спасения одной из главных дат в истории еврейского народа

Ташкент становится для Москвы точкой опоры – Астана проигрывает, уходя под Запад




Головная боль и галлюцинации: как защитить организм во время сильной жары

В Москве пациент устроил поджог в туалете наркологической клиники

Собянин: Новый корпус больницы святого Владимира планируется открыть в 2025 году

В Архангельске медики России обменялись методиками оказания офтальмологической помощи



«Зенит» добыл волевую победу в матче с «Балтикой» и завоевал Кубок России

Неделя легкой атлетики пройдет в Москве

Первое историческое ралли в Москве 2 июня 2024

Один из лидеров «Салавата Юлаева» подписал контракт с ЦСКА: теперь официально



Собянин: Около обновленных поликлиник создано более 600 зон отдыха

Сергей Собянин рассказал о новых трамвайных линиях в Москве

Собянин: Новый корпус больницы святого Владимира планируется открыть в 2025 году

Собянин: В Москве создана самая маленькая схема метро в мире


Поезд проехал через горящий лес в Бурятии

В Рослесхозе заявили, что площадь пожаров в РФ превысила 650 тыс. га

Орнитологи напомнили москвичам, как вести себя при встрече с птенцами


Сати Казанова провела медитацию для 1300 человек на Первом международном дне медитации

В Ярославле началось благоустройство территории у Вечного огня

Риелтор Сырцов назвал три безопасных для аллергиков округа Москвы

Стало известно, кто поставит Петербургу новую уборочную технику: 1,2 млрд за 110 машин


Дмитрий Морев объяснил, что делают с парящим деревянным променадом в Архангельске

В Архангельске подвели итоги III Всероссийского форума «Арктика. Лёд тронулся»

В Архангельске медики России обменялись методиками оказания офтальмологической помощи

Архангельская область подключается к марафону "Сила России"


ВТБ начал выдавать ипотеку на жилье в Крыму

Первый автобус «Санкт-Петербург — Симферополь» вышел на маршрут

Арт-знакомство «Искусство должно давать счастье и радость»

Выставка-представление «Не просто город, а судьба, которой я не устаю гордиться!»


Владеть и продавать недвижимость станет дороже: какие изменения могут коснуться ульяновцев?

Регбисты «Енисея-СТМ» уверенно прорвались в полуфинал Кубка России

Сати Казанова провела медитацию для 1300 человек на Первом международном дне медитации

На прогулку и в офис: звездный стилист Дембикова назвала главные тренды лета — 2024














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *