Өзгөндүн тургундары бийликке убакыт берди
Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы мөөнөтсүз акциясы үч күндөн бери уланып жатат. Алар Өзбекстан менен жер алмашууга каршы чыгышты.
Чогулгандар "Суу сактагыч ээлеген жана анын жээгиндеги жерлер берилбесин" деп өкмөт өкүлдөрүнүн, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын беш күндүн ичинде келишин талап кылышууда.
"Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанында үч күндөн бери өтүп жаткан митингге жүзгө чукул киши чогулду. Буга чейин ал жерге үч боз үй тигилген, 23-апрелде дагы бир боз үй тигишти.
"Суу дагы, суу ээлеген жер дагы бизде калсын"
Каршы болгондор "Кемпир-Абадга" байланыштуу чечим чукул чыкканын айтышып, суу сактагычтын айланасындагы жер тилкесине байланыштуу протоколдун жокко чыгарылышын талап кылышууда.
"Кызыл-Октябрь айылынын эли бүгүн эле нааразы болуп чыккан жок. 19-апрелде Кара-Сууга Ташиев келгенде да жолугушууга барышкан. Бирок аларга сөз берилген эмес. Элдин талабы - "Кемпир-Абаддын" суусу ошол боюнча калсын. Өзбекстангабы же башкабы эч кимге берилбесин, жерибизди, суубузду өзүбүз колдонолу. Өзбекстан буга чейинки келишимдерге ылайык кылбай койгон иштерин аткарсын", - деди жергиликтүү активист Мирлан Ураимов.
23-апрелдеги жер алмашууга каршы чыккандарга Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Бактыбек Алайчиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Алайчиев алардын талабын жеткирүүгө убада берип, бирок бийликтегилерди алып келүүгө кепилдик бере албасын айтты. Ал акцияга чыккандардан эмки жуманын аягына чейин мөөнөт сурады.
"Биздин райондук администрация бүгүн митингди протоколдоштурат. Элдин койгон талаптарын кошуп, бүгүн кечке бийликке жеткиргенге аракет кылабыз. Камчыбек Ташиев өзү да бул протокол акыркы чечим эместигин айтты. Эл талап кылып жаткандан кийин дагы өзгөртсө болот деп ойлойм", - деди Бактыбек Алайчиев.
Бийликке берилген беш күн
Митингдин катышуучулары талаптарын аткарууга 28-апрелге чейин убакыт беришти.
Нааразылык акциясынын катышуучуларынын дагы бири Жумали Сопуев 23-апрелде келген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маселени чече албай турганын, президент же УКМКнын жетекчиси элдин талабын чечип бериши керектигин белгиледи.
"Биз үч күн убакыт бердик, бийлик өкүлдөрү 10 күн деп айтышты. Анан беш күнгө токтолдук. 28-апрелде жалпы элдик жыйын болот. Тийиштүү адамдар келгенде эл түшүнбөгөн суроолоруна жооп алат. Биздин үнүбүз тиешелүү адамдарга жетип жатат деп ойлойм".
Митинг бүткөндөн кийин элдин басымдуу бөлүгү тарап кетти. Боз үйлөр тигилген жерде ондогон кишилер калып, төртүнчү боз үйдү тигип жатышат.
Жергиликтүүлөрдүн айтуусунда, Кызыл-Октябрдан башка айылдардын тургундары да бул жерде тургандарга кошуларын билдиришкен.
17-19-апрелде Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары да жапырт акция өткөрүшкөн. Алар дагы суу сактагычтын жанындагы дөңсөөгө чогулуп, боз үй тигишкен.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан.
"Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан - ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? 20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла дейин", - деген Ташиев.
Ал тургундардын "Өзбекстан мындай сунушка көнбөй койсочу" деген суроосуна "Ташкентти ынандырууга болгон аракетти жумшайбыз" деген мазмунда жооп кайтарган.
Атайын кызматтын башчысы бул жолугушууда негизинен Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протокол Кыргызстан үчүн эң пайдалуу келишим экенине токтолуп, жер талаштарга чекит коет деп ишендиргенге аракет кылган:
"Мен жетектеген комиссия Өзбекстан Республикасына барып, эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүп келдик. Бул протоколду бузбашыбыз керек, бул протоколду аягына чейин чыгарышыбыз керек, бул - элге эң пайдалуу протокол болду", - деген Ташиев.
Жер алмашуу аракети быйыл март айында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынынан кийин маалым болгон.
Өткөн айда Ташкентте кыргыз-казак чек арасын тактоо тууралуу өкмөттөр аралык комиссия жыйын курган жана анда протоколго кол коюлган.
Бул сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жетекчиси Камчыбек Ташиев катышкан.
Кыргыз-өзбек сүйлөшүүсүндө "Кемпир-Абад" суу сактагычы, "Шахрихансай" каналы, Гавасай, Көк-Серек, Баястан, Ак-Таш, Үңкүр-Тоо, Кара-Белес тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылганы белгиленген. Бул жолугушуудан кийин УКМКнын төрагасы кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу соңку кадамдарын "тарыхый мааниге ээ" деп сыпаттаган. Ошол эле кезде коомдун бир бөлүгү кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын сындап жатат.