Орусия менен АКШ делегацияларынын Женевадагы жолугушуусу аяктады. Америкалык делегацияны жетектеп барган мамлекеттик катчынын орун басары Венди Шермандын айтымында, сегиз саатка созулган эки тараптуу сүйлөшүү "олуттуу" жана "кесипкей маанайда" өткөнүн билдирди.
Шерман АКШ жолугушууга бир нече сунуш менен келгенин айтып, анын ичинде ракеталарды жайгаштыруу жана аскердик машыгууларды чектөө да бар экенин кошумчалады.
Ал ошондой эле америкалык аскерлердин санын кыскартуу маселеси эки тараптуу жолугушуунун күн тартибине чыгарылбаганын билдирди.
Жолугушуу Орусия Украинага жакын аймакта жүз миңдей аскерин жайгаштырып, бул Батыш менен Киевдин тынчсыздануусун жараткан.
Буга чейин Москва АКШ жана НАТОго өз талаптары жазылган макулдашуунун долбоорун сунуштаган.
Сүйлөшүүлөрдүн алдында орус делегациясын жетектеп барган тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Орусиянын үч негизги талабын дагы бир ирет кайталаган: НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек, Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш жана НАТО 1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек.
АКШнын расмий адамдары Орусиянын айрым талаптарын ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин, ал эми кээ бирлери боюнча сүйлөшсө болорун билдиришкен.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде