Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев “Нур Отан” партиясынын лидерлигинен кетип, жаңы төрага болуп азыркы президент Касым-Жомарт Токаев шайланды. Бул тууралуу казак президентинин администрациясы кабарлады.
Лидерди алмаштыруу маселеси 28-январда партиянын кезексиз курултайында чечилген. Андагы делегаттар сунушту “бир добуштан” колдошкону маалымдалды.
Токаев төрага катары сөз сүйлөп жатып, жыл соңуна чейин партия төралагынан кайра кетиши мүмкүндүгүн билдирди. Ал муну мамлекет башчы катары саясий атаандаштыкка гарант болушу керектигин, президенттин эч бир партияга жана эч бир кыймылга тиешеси болбошун белгиледи.
Январдын башындагы тополоңдон кийин бир топ күнгө дайыны билинбеген Нурсултан Назарбаев 18-январда видеокайрылуу таратып, азыркы президент менен келишпестиги жок экенин айткан. Назарбаев “Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматын өткөрүп бергенин, жакын арада “Нур Отан” партиясынын төрагалыгын да Токаевге берерин" билдирген эле. 2-январда башталган соңку нааразылыктарда партиянын Алматыдагы кеңсеси талкаланган.
Башкаруучу партия 1999-жылы, ошол учурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен “Отан” деп түзүлгөн. 2006-жылы “Нур Отан” деп өзгөртүлгөн. Бул казакча “Отандын нуру”, кыргызча “Ата-Мекендин нуру” дегенди түшүндүрөрү айтылганы менен оппозициялык күчтөр ал Назарбаевдин атына жалгашып өзгөргөнүн айтып келишет. Ушул убакка чейин төрагасы катары Назарбаев өзү турганын белгилегендер “Нур Отанды” СССР учурундагы Коммунисттик партия менен окшоштуруп келишкен. Оппозиция партияны “бир адамдын керт башына сыйынган жана авторитардык партия” катары сыпаттайт. .
“Нур Отан” партиясы дээрлик бардык шайлоолордо парламенттеги көпчүлүк орунду ээлеп келген. Учурда төмөнкү палата – Мажилистеги 107 депутаттын 76 оруну ушул партияга туура келет. (ErN)
В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков
Подмосковное УФАС оштрафовало должностное лицо АО «Альфа-Банк» за нарушение
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Суд поддержал решение УФАС по Подмосковью в отношении ООО «Нерудторг»
"Желтый" уровень погодной опасности объявили в Москве и области из-за града и грозы