“Кумтөр иши” боюнча айыпталып жаткан мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, сот тарабынан 260 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Мындай чечим 4-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кабыл алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
10-январда “Кумтөр иши” боюнча кармалган мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жашаган жеринен кетпөө тил каты менен кое берилген. 2021-жылдын октябрь айында мурдагы чиновник үй камагынын талаптарын бузуп, кызматташуу боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарган эмес деген жүйө менен атайын кызматтын тергөө абагына кайра камалган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупцияга шек саналып жаткан мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди былтыр 17-июнда кармаган. 29-июнда Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган.
Кыргызстан Кумтөр алтын кенин өзүнө алгандан кийин ага байланыштуу иликтөө баштаган. УКМК кен жаңы уюшулган учурда түзүлгөн келишимдерден тартып соңку келишим-макулдашууларга чейин бардыгын изилдеп жатат. Сарпашевге 2017-жылдагы документтер боюнча айып тагылган. Сарпашевдин жакындары жана жактоочулары буга байланыштуу комментарий берген эмес.
Ал 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. (TSh)
CЛД «Печора» филиала «Северный» ООО «ЛокоТех-Сервис» получило сертификацию для технического обслуживания локомотивов серии 2ТЭ25КМ в объёме ТО-2.
Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия
Купаться надо уметь: правила, которые сохранят вам жизнь
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Асфальтирование площадок услуги в Петербурге
Ежегодная церемония вручения Всероссийской премии Евгения Зубова прошла в библиотеке Видного
«Я подумаю об этом завтра»: как бороться с ленью и прокрастинацией
Экс-теннисист Ольховский: российские теннисисты выступили ниже ожиданий
«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros
Российский теннисист Медведев снялся с турнира в Хертогенбосе