АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, Орусиянын Украинага кол салышы жана ага карата Бээжиндин позициясы жөнүндө сөз кылышты. Ак үйдүн маалымдашынча 18-марттагы сүйлөшүү эки саатка жакын убакытка созулду.
Сүйлөшүүнүн башка деталдары айтылган жок. Анын алдында АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен брифинг учурунда Байден сүйлөшүүдө “эгер Кытай орус агрессиясына колдоо көрсөтсө анын арты оор болорун" эскертмек деп айткан.
Кытайдын тышкы иштер министри кабарлагандай Си Байденге Украинадагы согуш мүмкүн болушунча тезирээк аякташы керектигин айтып, НАТО өлкөлөрүн Москва менен диалог курууга чакырган.
Кытай менен Орусия акыркы жылдары эки тараптуу мамилелерин жандантып жатышкан. Ошого байланыштуу Бээжин Москванын Украинага кол салышын ачык айыптай алган жок. Бул Вашингтондун кооптонуусун жараткан.
Жакын арадан бери Орусия Кытайдан аскердик жардам сурап кайрылганы тууралуу маалымат тараган. Москва муну төгүндөгөн. Энтони Блинкен 14-мартта Кытайдын тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Ян Цзечи менен жолугушууда эгер Бээжин АКШ Орусияга салган санкцияларды буза турган болсо анын кесепети болорун билдирген.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде, Харьковдо, Мариуполдо жана Львовдо жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болду, үч миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кетти. (ErN)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков
В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал
"Святой Ленин" спасает мир и возглавляет "восстание ИИ машин... хороших по существу". 8 серия, СЕРЬЁЗНЫЕ НОВОСТИ.
«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros
Российский теннисист Медведев снялся с турнира в Хертогенбосе
Джокович снялся с Открытого чемпионата Франции по теннису
Янник Синнер высказался о первом месте в рейтинге ATP и травме Новака Джоковича
В филиалах АО "Желдорреммаш" прошли мероприятия ко Дню защиты детей
Лидер движения «Всеармянский фронт», Аршак Карапетян выступил 5 июня 2024 на радио «Аврора» в прямом эфире авторской программы «Другой глобус» с Дарьей Митиной. ВИДЕО
Академия Плющенко требует почти два миллиона со сбежавшей от них юной спортсменки
Новости и Культура, Дети и Россия: Бурятский Театр кукол «Ульгэр» выступил в Улан-Удэ в «Больших семейных выходных» горожан