Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Орусиянын Украинага каршы чабуулун “абсурддук согуш” деп атап, ага кандай жол менен болбосун чекит коюлушу керектигин билдирди. 22-мартта Нью-Йоркто журналисттерге сүйлөп жатып ал жаңжалдан эч ким утпай турганын, кырылып жаткан адамдар гана бейкүнөө өлүп жатканын айтты.
“Украинадагы согуштун уланышы моралдык жактан кабыл алынгыс, саясий жактан өзүн актабайт жана максатсыз. Мариупол куласа да, бир шаардын артынан шаарды, көчөнүн артынан көчөнү, үйдүн артынан үйдү басып алышса дагы, Украинаны багындыра алышпайт. Бул согушта жеңүү мүмкүн эмес. Эртедир-кечтир ал согуш талаасынан сүйлөшүү үстөлүнө өтүшү керек. Бул абсурддук согушка чекит коюу зарыл”,- деп эки тарапты тең ок атууну токтотуп, сүйлөшүүлөргө өтүүгө чакырды.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Дээрлик бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариуполго орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат.
Согуш башталгандан бери Украинада жүздөгөн адамдар каза болуп, 3 миллиондон ашык адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. (ErN)
Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде