Бишкектин четинде жайгашкан № 47 колония толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар жасалган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык башка атайын мекемелерге которулат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 23-мартта атайын жыйын болуп, анда эскирген мекемени жоюу маселеси каралды. Анда абактагы медициналык, турак жай жана башка имараттарды көчүрүү жана аймакка жаңы имараттарды куруу боюнча чечим кабыл алынды.
№47 колония - ЖАКтын борбордук стационардык медициналык мекемеси. 2019-жылы ал жерде хирургиялык бөлүм ачылган. Мекеме учурда өтө коркунучтуу кылмышкерлер кармалып турган шаар ичиндеги жападан жалгыз жабык типтеги колония.
Бул абак 1943-жылы курулган. Ошондон бери инфратүзүм, энергетикалык чарбалар жана инженердик тутуму капиталдык ремонттон өтпөгөнү айтылып келет.
Шаар ичиндеги абактарды көчүрүү маселеси буга чейин дагы көтөрүлүп келген.
№1 убактылуу тергөө абагы менен №47 түзөтүү колониясы Бишкектин сыртына жылдырыла турганын буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарыялаган.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат. (КЕ)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Владимир Путин сенсационно получил ключевое признание от Н А Т О.
Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов