Камакка алынган адвокат, айыпка жыгылган укук коргоочулар
Белгилүү адвокат Нурбек Токтакуновду 25-мартта эртең менен күч кызматкерлери үйүнөн кармап кетип, беш суткага камады. Биринчи май райондук соту 24-мартта Токтакуновду судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Жактоочулары адвокатты камап салуу мыйзамсыз болгонун билдирүүдө.
Токтакуновдун адвокаты Разак Ашимбаев ага жолугуп чыкканын, кармалган жеринин шарты начар экендигин айтты.
“Бүгүн эртең менен күч менен кармап кетишкен. Токтакунов эч кандай каршылык көрсөткөн эмесмин деди. Райондук милициянын убактылуу камерасында кармалып турат. Ал жерде адам уктаганга, дааратканага шарт жок. Беш суткага камагандан кийин буларды мамлекет камсыздап бериш керек эле. Бул шарттар каралган убактылуу кармоочу жай ремонттолуп жатыптыр. Биз соттун чечимин токтотуу боюнча өтүнүч келтиребиз. Шаардык сот мүмкүн мурунку чечимди жокко чыгарып, айып пул салат. Бирок шаардык сот ишти караганча, ал 3-4 сутка отурганы жатпайбы. Ошондуктан эки жолу жаза тартып калбаш үчүн камалбай туруш керек эле”.
Милиция адвокатты уюшкан кылмыштуу топко каршы кызмат кармаганы тууралуу маалыматты четке какты. Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Айзада Момунова Токтакунов мыйзам бузганы үчүн 5 суткага камалганын билдирди.
“Токтакунов Орусиянын элчилигинин алдында Кыргызстандын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинде көрсөтүлгөн укук бузуу, башкача айтканда, майда бейбаштык, коомдук жайларда сөгүнүү (анын ичинде тилдөө) жасаган. Милиция кызматкерлеринин митингди Горький паркында өткөрүү жөнүндөгү талабына баш ийген эмес. Ошол себептен, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Нурбек Токтакунов укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 126-беренесинде каралган укук бузууну жасаган деп таанып, беш суткага камакка алды”.
"Соттор эч ким эмес деп айткам"
24-мартта Биринчи май райондук соту Токтакуновду судьяларга орой сөз айтып, тилдегени үчүн беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Судья Убайдулла Сатимкулов Токтакуновду “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айыптуу деп тапкан. Ал сот залынан райондук милициянын бөлүмүнө жеткирилип, адвокаттар шаардык сотко даттанганына байланыштуу кайра бошотулган.
Токтакунов сотторго карата айтылган сөзүн мындайча түшүндүрдү:
"Соттор эч ким эмес деп айткам. Бул сөздүн мааниси кандай эле? Биздин соттор Орусиянын элчилигинин тапшырмасы менен бир ай бою митинг өткөрүүгө тыюу салып жатат. Сот кайсы бир иш-чарага тыюу салганга укугу бар. Бирок бир ай бою митинг өткөрүүгө тыюу салалбайт. Бизге мал сыяктуу бул жерге чогула аласыңар, бул жерге жок деп айта албайт".
Милициянын ардагери Улан Рысбековдун пикиринде, ким гана болбосун сот жана укук коргоо органдарына сый мамиле кылыш керек.
"Антип айтканга эч кандай акысы жок. Милиция өз ишин аткарып жатат. Бизди аткаруу бийлиги деп коет. Бийликке андай сөз айтканга болбойт. Биз милицияга баш ийбегендерди катуу жазалоону сунуш кылганбыз".
Адвокатты бошотууну талап кылган митинг
Нурбек Токтакунов укук коргоочу, адвокат, юрист жана өз пикирин ачык айтып жүргөн жарандык активист катары белгилүү. Ал 2015-жылы “бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн сындаганы үчүн” президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн Биринчи май райондук сотуна кайрылган. "Прецедент" коомдук уюмду жетектеп турганда дагы мыйзамдуулук, сөз эркиндиги жана жарандардын конституциялык укуктары боюнча көптөгөн кайрылуулары, иш-аракеттери менен таанылган. Ар кандай чуулгандуу иштерде адвокат катары өзүнүн кызматын сунуштап жүрөт.
Бүгүн кечке жуук Токтакуновду бошотууну талап кылган тарапташтары Биринчи май райондук милициясынын алдында митинг өткөрдү.
“Токтакунов - өлкөдөгү белгилүү адвокат. Былтыр уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбек кызынын апасынын адвокаты болчу. Анын өлүмүнө жол берип, шалаакылык кылган укук коргоо органдарын жоопко тартууну талап кылып келген. Ички иштер министри баштаган жогорку кызматтагы адамдардын отставкасын талап кылган. Журналист Болот Темировго да жактоочулук кылып, милициянын мыйзам бузууларын айтып чыгып жаткан”,-дейт Тотакуновдун тарапташы Сауле Алымбекова.
Жарандык активист Бурул Усманали Токтакуновду камоого негиз жок болчу деп эсептейт.
"Адвокат Токтакуновдун камалышы - өтө чоң окуя. Ал - Кыргызстандагы көзгө басар адвокаттардын бири. Элге таанымал, эл аралык деңгээлдеги адвокатты камап коюшу өтө одоно көрүнүш. Ал Конституцияга каршы токтомго юрист катары каршы чыккан. Эч кандай бийликке шек келтирген эмес".
Айыпка жыгылган укук коргоочулар
14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан. Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирген.
Укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова жана Өндүрүш Токтонасыров да митинг өткөрүүгө тыюу салуу мыйзамсыз деп, 17-мартта Орусиянын элчилигинин астына Украинадагы согушка нааразычылык билдирип пикетке чыккан.
Милиция пикетке чыккан укук коргоочуларды кармап кетип, сот "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренеси менен 3 миң сомдон айып салган. Токтакунов сотто алардын адвокаты болгон.