Башкы прокуратура: Саламаттык сактоо министрлиги 54,8 миллион сомдук зыян келтирген
Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлиги боюнча текшерүү жүргүзүп, мамлекетке 54,8 миллион сом өлчөмдө зыян келтирилгенин аныктап чыкты. Бул тууралуу 4-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, “министрликтин жетекчилиги кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте өз кызыкчылыгын көздөп, мамлекетке каршы контракт түзгөн” деп шектелүүдө.
“2021-жылдын 08-июлунда Бахрейндин “M.V.ch” компаниясы жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда акысыз кызмат көрсөтүү боюнча меморандумга кол коюлган. Бирок, ага карабастан, министрликтин жетекчилиги кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте тендер өткөрбөй туруп Түркиянын "TC. I. T." компаниясы менен келишим түзүп, 54 миллион 836 миң 316 сом которгон. Ал эми Бахрейн компаниясы эч кандай мамлекеттик чыгымсыз бекер ишке ашырмак” деп айтылды Башкы прокуратуранын маалыматында.
Факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 337 жана 339-беренелеринин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), (Билип туруп пайдасыз контракт түзүү) негизинде кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө.
2-июнда Башкы прокуратура ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогонун билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Ошол эле күнү Башкы прокуратура COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы жемкорлук боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин үч жетекчи кызматкери кармалганын билдирген.
4-июнда президенттин тескемеси менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ишинен убактылуу четтетилди. (RK)