Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин пландалып жаткан сапары жана жакында боло турган тышкы саясий жолугушуулары талкууланып жатканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 3-июнда министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Фуркат Сидиков менен видео аркылуу байланышып, эки тараптуу кызматташтыкты жана буга чейин кабыл алынган келишимдердин ишке ашуусун талкуулады.
“Өзгөчө көңүл жогорку деңгээлдеги сапарларга бөлүндү, Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялардын жакын арада боло турган кезектеги раундунун мазмуну жана уюштуруу жагы талкууланды” деп билдирди мекеме. Пландалып жаткан иш-чаралардын так мөөнөтү айтылган жок.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-майда Бишкекте өткөн алгачкы Евразия экономикалык форумуна келип катышары пландалган, бирок форум онлайн форматта өттү, өзбек лидери Кыргызстанга келген жок.
Президент Садыр Жапаров Ташкентке алгачкы мамлекеттик сапар менен 2021-жылы март айында барып келген. Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 22 документке кол коюлган. Президенттер ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин эң кеч дегенде үч айда чечерин айтышкан.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), ошондон бери 13% жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган. (RK)
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
В Подмосковье сотрудники Росгвардии спасли пожилого мужчину, который оказался один дома и плохо себя почувствовал
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Приглашенные солистки выступят в опере «Руслан и Людмила»
В этом году планируют заключить контракт на реконструкцию еще одного участка трассы Р-23 в Ленобласти