Банк кызматкери тергөө абагында каза тапты
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев УКМК абагында каза болду. Аны 18-июнда түнкү саат бирге жакын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери асынып турган абалда тапкан.
"2022-жылы 18-июнда түнкү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев камерасында асынып алган абалда табылган. Ага жабык жайдын кызматкерлери жана камералаштары биринчи медициналык жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматы чакырылган. Бакыт Асанбаев жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатканда өзүнө кол салган", - деп жазылган УКМК тараткан билдирүүдө.
УКМКнын маалымдашынча, Бакыт Асанбаевдин сөөгү соттук-медициналык экспертизага берилген.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тергөө-изоляторундагы видео-байкоо жазууларды алып, кызматкерлер суралып жатканын билдирди.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип юридикалык баа берилет", - деди Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолдинов.
Анын белгилешинче, окуя электрондук маалымат каттоонун бирдиктүү реестрине киргизилген.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова банк кызматкеринин тергөө абагында асынып калышы табышмактуу болуп жатканын белгиледи.
"Мен УКМКнын абагына кирип эле жүрөм. Ал жерде видеокамералар бар. Ар бир кабатта күзөтчү бар. Алар кантип көрбөй калат? УКМК "түнкү 12ден кийин асынды, жанындагы кишилер намаз окуп атышкан" деп жатат. Түн ичинде эмне болгон намаз? Кыргызстанда бир да түрмөдө намаз окутуу үчүн сыртка чыгарбайт. Камерада эле окушат. Экинчиден, ал бала эки күндөн кийин эркиндикке чыкмак экен. Ошол себептүү мен Фейсбукка ал бала асынып алдыбы же асыштыбы деп жаздым".
Бирок жактоочу Нур Кылычбаева маркум Бакыт Асанбаев эки күндөн кийин абактан чыкмак деген маалыматты четке какты.
"Мен азыр эч нерсе айта албайм. Тергөө иштери эми башталды. Мен ошонун баарына көз салышым керек. Мен аны менен сурак маалында гана жолуккам. Жакындан таанычу эмесмин. Иш сотко өтө элек эле. Бир билгеним билимдүү адам болчу. Баарын түшүнүп турчу. Мага ашык эч нерсе айткан эмес. Эмнеге жанын кыйганын билбейм".
Бакыт Асанбаевди жемкорлукка айыптаган кылмыш иши февраль айында козголуп, шектүү апрель айында камакка алынган. Ага каршы "насыя берүүдө коммерциялык тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн туруктуу коррупциялык схема түзгөн" деген айып коюлуп, тергөө жүрүп жаткан.
Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев маркум Бакыт Асанбаев менен тааныш болгон. Ал президент Садыр Жапаров "айыл чарбага деп бөлүнгөн акча дыйкандарга жетпей жатканын" айтып чыккандан кийин Асанбаевге иш козголгонун жөн гана "садага чабуу" деп баалады. Абактагы өлүм боюнча депутаттык комиссия түзүлүшү керектигин белгиледи.
"Бакыт байке менен министрликте иштеп жүргөндө "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору боюнча таанышканбыз. Ал "Айыл банкта" гана иштеп, катардагы кызматкерден жетекчиликке жеткен. Эл катары иштеген, коррупционер деп айтчудай мүлкү деле жок болчу. Ал өз жанын кыйдыбы же башкалар өлтүрдүбү, кыйноого кабылдыбы, аны билбейбиз. Бирок Бакыт Асанбаев түрмөдө каза болуп жатат. Муну депутаттык комиссия түзүп, тыкыр иликтөөгө алышы керек. Себеби абакта бир жума ичинде эле эки өлүм катталып жатпайбы".
Өткөн аптада Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, бир күндөн кийин 10-июнда өзүнө келбей каза тапкан.
Кыйноолорго каршы улуттук борбор 15-июнда ишмердигинин үч жылдык баяндамасын жарыялаган. Анда жабык жайларда кармалгандардын өз жанын кыюу себептерин аныктоодо тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралбай калган учурлар көп экени белгиленген.
Борбордун маалыматында, Жаза аткаруу мекемелеринде эле өткөн үч жылда 151 адам каза таап, анын 19у өз жанын кыйган.