Тажикстанда журналист жана блогер Абдулло Гурбати 18-июнда эки айга камалды. Бул тууралуу адвокат Абдурахмон Шарипов журналисттин жакындарына билдиргенин "Азаттыктын" тажик кызматы жазды. Гурбати ушул эле күнү камалган дагы бир журналист жана блогер Далер Имамолинин берүүлөрүн чогуу тартып жүргөн.
Жактоочунун айтымында, Гурбати сот учурунда күнөөсүн мойнуна алган эмес. Тергөөчүлөр журналист жөнүндө "айрым маалыматтар" бар экенин айткандан кийин Шахмансур районунун соту аны камоо тууралуу чечим чыгарган. Тартип коргоо органдары аны ушул эле райондун милиция бөлүмүндө "кызматкерлердин бирине кол көтөргөн" деп айыптап жатат.
Абдулло Гурбати менен Далер Имомалиге байланыштуу сот 18-июндун кечинде өткөн. Бирок ага туугандары жана ЖМК өкүлдөрү катышпай калган. Адвокаттын белгилешинче, соттук териштирүү убактылуу тергөө абагында болору айтылган. Туугандары жана журналисттер келген учурда сот Шохмансур райондук сотунун имаратында өткөнүн, алгачкылардан болуп Далер Имомалинин иши каралганы тууралуу маалымат беришкен.
Эки журналистти 15-июнда Шохмансур районунун прокуратура кызматкерлери кармап кеткен. Абдулло Гурбати "бийлик өкүлүнө күч колдонду" деп айыпталып жатат. Тажикстандын Кылмыш кодексине ылайык бул берене менен соттолгондор айып пул төлөйт же эки жылга эркинен ажыратылат.
Эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" уюму (Reporters Without Borders) тажик блогерлердин кармалышын айыптап, тез арада бошотууну талап кылды. Аталган уюм 17-июнда тараткан билдирүүдө, журналисттер кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу куугунтукталып жатканы, бул Тажикстандын жана эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелери айтылат.
Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация! 225 лет А.С. Пушкину.
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
Фестиваль классического балета «Стерх»: Зрители остались в восторге от балета Арама Хачатуряна «Спартак»
Аншлаг в честь Окуджавы
«К очереди присоединялась другая»: Тимати раскрыл успех своего бизнеса
Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия
Генеральный директор КА «Главный Советник» принял участие в Бизнес-диалоге «Россия – Венесуэла»
Новости и Культура, Дети и Россия: кукольный Театр Ульгэр выступил в Улан-Улан-Удэ в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник
Сотрудники военных следственных органов Следственного комитета России по всей стране оказывают помощь подшефным детским учреждениям
За один день работники Уссурийского ЛРЗ и их дети выполнили сменно-суточное задание по ремонту 129 паровозиков